ЖАҢЫЛЫКТАР 29.01.19.

29-01-2019 08:22

Бүгүн, 29-январда «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу ѳтѳт. Эгер ушул мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башкача өзгөртүүгө уруксат берчү документтердин тартиби түзөтүүлөргө туш болот.

Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарып жаткан иштеринин 70%ы жол тармагына, 20%ы автомобиль жана темир жол тармагына, калган 10%ы авиакаттамга багытталган. 2018-жылга коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылган. Талкууда депутат Абдыкапар Султанов атамекендик көмүр өндүрүүгө кедергисин тийгизип келе жаткан жүк ташуучу вагондун жетишсиздигине токтолду.

                            СНХ.А.СУЛТАНОВ

Депутат Мирлан Бакиров Кара-Балта – Бишкек – Балыкчы – Каракол тез каттам темир жолун куруунун долбоорунун, жок дегенде, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле М.Бакиров эӊ сапаттуу деп саналган Иран битуму боюнча Өкмөт менен Каржы министрлиги жана Транспорт министрлиги 3 тараптуу келишим түзүп, стратегиялык маселе катары түз сатып алуу керектигин белгиледи.

                           СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Бакыт Төрөбаев ички каттамдагы чакан бустардын жүрүшүн өткөн кылымдардын көрүнүшү катары атап, бул жакка келген туристтерге ыңгайсыз абал жаралууда, - дейт. Ошондой эле ал шаарлар аралык катамдарда да шарты бар автобустар жүрүшү керектигин белгиледи.

                           СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Тазабек Икрамов кыргыз футболу тарыхта Азия оюндарына катышып, жакшы көрсөткүчтү көрсөткөндүгүн айтып, башка спорттун түрлөрү сыяктуу эле футбол дагы өнүгүү жолуна түшүп жаткандыгын белгиледи. Бул багыттагы өсүштөдү камсыздоо үчүн ыңгайлуу шарт керек. Бул заманбап стадион зарыл, - дегендик.

                           СНХ.Т.ИКРАМОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:7…12; Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 6…11; Ысык-Көл: 0…5 градус жылуу болот. Нарын:-7…-12 градус болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 10…12 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 93

Окшош жаңылыктар