Ак калпактын кадырын түшүрүүгө жол берилбейт

23-01-2019 14:43

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалууда. Анда улуттук баш кийим болгон Ак калпакты мазактоого жол бергендерге мыйзам чегинде чара колдонуу негиздери айтылат. Бул тууралуу кеңири маалымат берип, демилгечи депутат Экмат Байбакбаев бүгүн, 23 – январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Ак калпактын кадыр-баркын жакшыртуу, аны коргоонун, колдоонун жана өнүктүрүүнүн, Ак калпакты даңазалоонун укуктук базасын түзүүгө, Ак калпакты республиканын маданий символу катары калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш - аракеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана Кыргызстандын элин таанып билүүнү жогорулатууга багытталган.

Ушул мыйзам долбоорунда камтылган механизимдер   Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодекси аркылуу дагы бекемделет. Ошондуктан, улуттук баш кийим болгон Ак калпакты, же анын сүрөтүн мазактоого тете коомдук адеп-ахлакка доо келтирүү боюнча жасалган аракеттер  1-категориядагы айып пул салууга алып келет, - дейт депутат.  

Анда жеке адамдар үчүн - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүч сунушталууда. Ал эми бузууларды кароо боюнча ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылары демилгечи депутаттын маалыматтарынан улам белгилүү болду.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 217

Окшош жаңылыктар