Жогорку Кеңеште миграция саясаты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду

17-01-2019 18:17

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеӊеште миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Жанарбек Акаев буга чейин Кытай жарандарына визалары кызылдай акчага сатылып келгендигин айтып, мындай мыйзамсыз иштерге жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми Махабат Мавлянова өлкөдө иш алпарган чет элдик жыйырмадай компанияны иликтегенин белгилеп, бул ишканаларда документте катталган жарандардан алда канча көп жаран иштеп жатканын Өкмөткө багыттады.

Депутат Бакирдин Субанбеков өтүп жаткан митингде мыйзамсыз катталган Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп жатканын эске салса, депутат Кенжебек Бокоев мындан төрт жыл мурун Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксатты мыйзамсыз алган 996 Кытай жараны эмдигиче депортацияланбай жатканын сынга алды. Эл өкүл бул жерде орто звенодогу мамлекеттик органдар пара алып, коррупция жасап жаткандыгын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө мыйзамсыз миграция боюнча өтүп жаткан нааразычылыктарга КР Өкмөтү тарабынан өз маалында маалымат саясаты жетиштүү жүргүзүлбөгөндүгү, профилактикалык иш-чаралардын жоктугу белгиленди. Ошондой эле бүгүнкү күндө 498 миң чет элдик жаран каттоодо тургандыгы белгилүү болду.

“Миграция саясаты туңгуюкка келди, бул жаатта реформа жүргүзүлүшү зарыл”,- дейт депутат Руслан Казакбаев. Ошондой эле депутат өлкөдөгү чет элдиктер тарабынан ачылган ар бир ишканада Кыргызстан жарандарынын иштөөсү мыйзам чегинде аныкталып, пайыздык чен менен белгилениши зарылдыгын баса белгиледи. Депутат Кубанычбек Нурматовдун пикиринде, миграция кызматын өзүнчө түзүү керек же болбосо анын макамын жогорулатуу керек. Мындай пикирди улаган депутат Данияр Төлөнов бул жерде маселе бир гана Кытай жарандары жөнүндө эмес, сыртта жүргөн биздин эмгек мигранттарыбыздын укуктарын коргоодо жетишерлик иштер болбой жатат деген ою менен бөлүштү. “Кыргызстанга сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыздан канчалаган каражат которулуп жатат. Ал эми мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүп жататбыз?.. Ошондуктан миграция кызматын өзүнчө түзүп, министрлик деңгээлине чейин көтөрүү керек”,- дейт депутат Зиядин Жамалдинов.

Депутат Каныбек Иманалиев Кытайдагы боордош кыргыздарга Кытай мамлекети тарабын көргөн камкордугун, Кытай мамлекети тарабынан Кыргызстан эле эмес, коңшулаш бир катар республикалар насыя алып жатканын тизмектеп, кыргыз-кытай мамилесин жолго коюу үчүн кыргыз-кытай экономикалык форумун өткөрүүнү сунуш кылды. Ошону менен катар эл өкүлү элибизде кытайлар жөнүндө ар кандай күмөн ойлор калбашы үчүн аксакалдардан топ түзүп, ал жактагы боордош кыргыздардын абалы менен тааныштырып келүү зарылдыгын, митингчилерди күмөн санаткан мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар боюнча топ түзүп, текшерип чыгып так маалымат берүү керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1510

Окшош жаңылыктар