Төрага Дастанбек Жумабеков 96 жаштагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов менен жолугушту

11-01-2019 17:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековго Улуу Ата-Мекендик согуштун 96 жаштагы ардагери Асек Урманбетов кат менен кайрылып, кабыл алуусун өтүнгөн. Ага ылайык, бүгүн 11-январда Төрага Дастанбек Жумабеков ардагердин үйүнө өзү барып, абалынан кабар алды.

Жолугушууда улуулардын тажрыйбасы, айткан кеңештери жана ак батасы жаштар үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген Төрага Дастанбек Жумабеков, ардагерге белектерди тапшырып, бекем ден-соолук, дөөлөттүү карылык тиледи.

“Биз сизди чыныгы мекен коргоочусу катары билебиз. Өз өлкөңүзгө болгон сүйүүңүз жана анын көз карандысыздыгы үчүн көрсөткөн зор эмгегиңиз баарыбызга үлгү”, – деген Төрага жеке телефон номурун берип, дайыма байланышта болорун убада кылды.

Ал эми Асек Урманбетов улгайгандыгына карабай роман, поэмаларды жазып, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине, майыптар менен карыларга көмөк көрсөткөн “Ак Жол” коомдук фондун жетектеп жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Асек Урманбетов Төрага Дастанбек Жумабековго ак батасын берип, ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстанга гүлдөп өнүгүүнү тиледи.  

Белгилей кетсек, ардагер Асек Урманбетов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1942-жылы март айында Улан-Уде шаарындагы аскердик окуу жайга кабыл алынып, бир жыл окугандан кийин кенже лейтенант наамын алган. Ал эми 1943-жылдан баштап 735-аткычтар полкунун катарында кызмат кылып, анын командирлигине дайындалган. Согуштук тапшырмаларды так аткаргандыгы, фашисттик баскынчылардан айылдарды жана шаарларды бошотуудагы күжүрмөн аракети үчүн Асек Урманбетов Кызыл Жылдыз баштаган бир катар орден, медалдар менен сыйланган. 75 жаш курагында чыгармачылыкка аралашып, азыркыга чейин көптөгөн ырларды, поэма жана аңгемелерди жазып келет.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1308

Окшош жаңылыктар