Төраганын орун басары Аида Касымалиева Өзгөн районундагы жергиликтүү калк менен жолугушту

11-01-2019 10:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзгөн районундагы  иш сапарынын алкагында жергиликтүү калк менен жолугушуп, элет элинин турмушунан кабар алды.

Жолугушууда район тургундары таза суу, жол куруу, мектеп, бала бакча, оорукана, билим берүү сапатынын төмөндүгү, пенсия курагындагы мугалимдерди мектеп директорлугунан алуу сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева айыл жергесиндеги калктын жашоо шартын жакшыртуу керек экенин белгилеп, эл көтөргөн көйгөйлөр парламентте караларына токтолду.

“Сиздер көтөргөн пенсия курагындагы мектеп директорлору боюнча маселе Жогорку Кеңеште каралууда. Ал эми калктын аялуу катмарына жөлөк пул берүү шарттарын болушунча жеңилдетүүнүн аркетин көрүүдөбүз. Буга чейин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тапкан кирешеси эске алынып балдар үчүн жөлөк пул чегерилбей келген. Жөлөк пул алуудагы мындай көйгөйлөрдү жоюу маселеси Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө. Андан тышкары, ички жана тышкы миграциянын күч алуусу менен жаш балдар кароосуз калууда”,-деди төраганын орун басары Аида Касымалиева.

Белгилей кетсек, жолугушууда Өзгөн районунда маммологиялык текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгү жок экени айтылып, энелердин саламаттыгын алдын алууда биргелешип иш жүргүзүү керек экени белгиленди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 2355

Окшош жаңылыктар