Депутат Жылдыз Мусабекова борбор калаадагы калктын аялуу катмарына кирген балдардан кабар алды

10-01-2019 15:57

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушундагы шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында эл өкүлү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген наристелердин жашоо турмушунан кабар алып, аларга жаңы жылдык белектерин тапшырды. Майып балдарын багып жаткан ата- энелер мамлекет тарабынан берилет деген каражат эртелеп берилсе деген өтүнүчтөрүн айтышты. Мындан сырткары, жолугушууда бир катар социалдык көйгөйлөр да ортого салынды. Ата-энелер эл өкүлдөрү шайлоочуларынын койгон маселелерин жерге калтырбай аткаруу бийлигине тапшырып, жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, депутат Ж.Мусабекова калктын аялуу катмарында жашаган наристелерге белек берип, алардын көңүлүн көтөрүүнү салтка айландырып келет. Ар жылы майрам күндөрү алардын үйлөрүн кыдырып жашоо-турмушунан кабар алат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2053

Окшош жаңылыктар