“Аялдар тынчтык жана коопсуздук үчүн” резолюциясы көп тармактуу долбоор

27-12-2018 16:44

“Аялдар тынчтык жана коопсуздук үчүн” резолюциясы көп тармактуу долбоор. Андыктан, аны ишке ашырууда жергиликтүү кеңештердин дагы ролу зор. Андагы айым депутаттардын үнү угулушу керек. Буга аракеттер көрүлүп жатат, - дейт депутат Айнуру Алтыбаева бүгүн, 27 – декабрда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

Ал аракеттердин бири - Жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоолордо 30%дык ченемди бекемдеп, айымдардын саясатка аралашуусуна жол ачуу, - деп түшүндүргөн депутат, - бул багытта даярдалган тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттардын 102си биринчи окууда колдоп бергендигин да белгиледи.

Тынчтык - чакан мамлекет болгон үй – бүлөдө болсо, алардын биримдигин түзгөн өлкөбүздө тынч заман туруктуулугун сактайт. Ошондуктан, тынчтык менен коопсуздукту камсыздоодо эненин орду өзгөчө, - деди студиянын дагы бир мейманы,  депутат Карамат Орозова. Ошондой эле ал, - балдар менен жаштардын тагдырына, келечегине олуттуу маани берилип, алар менен түздөн – түз иштей турган мамлекеттик орган түзүлсө, - дейт. “Ага чейин жекече иш алып барып жаткан сертификаттары бар медиаторлордун салымдарын да айтпай кетүүгө болбойт. Бул багытта иштеп жаткан Ысык – Көл, Баткен областтарында жакшы мисалдар бар”, - дейт эл өкүлү.

“Аялдар тынчтык жана коопсуздук үчүн” резолюциясынын алкагында жер – жерлерде ар кандай кооптуу кырдаалдар жаралганда кандай коргонуу керек? – деген суроолорго жооп берүүчү ыкмалар үйрөтүлөт. “Мисалы, жер титирөөлөр, сел жүрүүлөр болгондо сактануунун кандай жолдору бар? Массалык отун – суусуз калган учурлар болсо, абалдан кантип чыкса болот? Ушул сыяктуу бир топ өзгөчө кырдаалдардын алдын алып, жагдайды жайгаруу аракеттери ушул резолюциянын чектеринде түзүлгөн атайын пландар менен коштолушу керек”, - дейт ошол эле радиоуктурууга катышкан “Инновациялык чечим” долбоорунун парламенттик эксперти Курманбек Турдалиев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2581

Окшош жаңылыктар