ЖАҢЫЛЫКТАР 27.12.18.

27-12-2018 08:35

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27 – декабрдагы олтурумун күн тартиби такталган соң, “Ар кандай маселелер” сааты аркылуу улантат. “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга чыгарылат. Ратификациялык мыйзам долбоорлорунан тышкары,  “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууда талкууланат. 

Жогорку Кеӊеште “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул боюнча маалымат берген Мамфинкөзөмөл кызматынын башчысы Санжар Мукамбетовдун айтымында, Мамфинкөзөмөлдүн укуктук статусу жана негизги жобосу КР Өкмөтүнүн чечими менен аныкталууга тийиш. Талкууда депутат Аалы Карашев финансылык ар бир кыймыл электрондук шартта кантип көзөмөлдөнүп жаткандыгына кызыкты.

                          СНХ.А.КАРАШЕВ

Депутат Жаныбек Бакчиев коммерциялык банктардагы депозиттер тууралуу маалыматтарды соттун чечими болгондо гана суратып алууга болот, - дейт Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында.

                         СНХ.Ж.БАКЧИЕВ

Мектеп директорлорунун ишинин натыйжалуулугун эле талап кылбай, алардын жеке жүрүм – турумун дагы эске алган жакшы, - дейт депутат Алмазбек Баатырбеков.

                         СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

Мугалимдердин статусун бекемдеп, алардын кадыр – баркын коргой билиш керек. Мындай пикирин ортого салган депутат Жылдыз Мусабекова, - “Тартиби оор балдарды “какыс – кукус” кылып койгон мугалимдин иштен кетиши балким ата – эне менен мугалимдин ортосундагы касташуунун жолу эмеспи?” – дейт.

                        СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Айыл өкмөттөрүнүн макулдугу менен гана мектеп директорлорун райондук билим берүү бөлүмү дайындайт. Ал эми мектеп директорлору менен түзүлгөн эмгек келишими канча мөөнөттү камтырын депутат Айсулуу Мамашева тактады.

                       СНХ.А.МАМАШЕВА

Миграциялык агым менен сыртка чыгып жаткан ата – энелер болсо, алардын балдарын кары – картаңдарга калтырып кетишине жол бербөө багытында атайын сунуштамалар иштелип чыгууда. Эгер ошондой балдарын туугандарына тапшырып кетүүчүлөр болсо, алардын жоопкерчилигин бекемдей турган келишимдер юридикалык жактан тастыкталышы керек. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутат Айсулуу Мамашеванын суроосуна кайтарган жообунда билдирди.

                      СНХ.Н.ЖУСУПБЕКОВА

Белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевдин «Кара» аттуу романы түрк тилинде басылып чыкты. Чыгарманы түрк тилине Орхан Суйлемез менен Кемаль Гёз которгон. Бул жазуучунун Түркияда жарык көргөн экинчи китеби. Буга чейин жазууунун «Жуманын 5 – күнү» аттуу китеби да Түркияда басылып чыккан эле. «Кара» романы буга чейин 2015 – жылы Лондондо да басылган. Эми жазуучунун бул эмгегин казак тилине которууга да даярдыктар колго алынып, Астанада иш башталды. Борбордук Азиядагы жазуучулардын эл аралык Пен – клубу, Мухтар Ауэзов атындагы фонд, Китеп чыгаруучулардын эл аралык ассоциациясы жазуучу Султан Раевдин «Кара» романын 2014 – жылы «Жылдын мыкты романы» деп тааныган.  Ал эми 2017  - жылы ал Москвада адабият боюнча Евразиялык сыйлыкка татыктуу болгон. Убагында залкар жазуучу Ч.Айтматов С.Раевдин «Кара» романына жогорку баасын берип, бул  роман - метафора окурманды турмуш менен тиричиликтин философиясын ойлонууга чакырат, - деп белгилеген.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-декабрда Баткен областынан башка Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык – Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда кар жаайт, туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:-2...+3, Ысык – Көл:-1...+4 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: +3…+8 градус жылуу болот. Нарын:-6…-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27 – декабрда мезгил – мезгили менен кар жаап, эртең менен туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 - 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0…+2 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 55

Окшош жаңылыктар