Депутат Экмат Байбакпаев: “Өлкөдө электр кубатынын атаандаш булактарын өнүктүрүүдө болгону “оюндун” туура эрежесин гана киргизүү керек”

26-12-2018 17:55

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоордун концепциясы энергетика чөйрөсүндөгү экономикалык жана уюштуруучулук укук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди белгилөөгө, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартууга, бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттырууга, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, энергетика субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоого жана тактоого багытталган. “Электр кубатынын атаандаш булактарын өнүктүрүүдө болгону “оюндун” туура эрежесин гана киргизүү керек”,-дейт депутат Э.Байбакпаев.

Долбоордо энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануунун натыйжасында алынган электрдик жана жылуулук энергиясынын, газдын жана энергиянын газ түрү абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун өндүрүүчүлөрүн пайда ала баштаган учурдан тартып беш жыл ичинде салык салуудан бошотуу киргизилүүдө. Ошондой эле колдонуудагы «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамдагы тарифтик жеңилдиктерди караган жоболору энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жаңы объекттерге жайылтылаары каралууда. Ошону менен катар ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясыга болгон тариф жеңилдик мезгили аяктагандан кийин, электр энергиясын иштеп чыгууга негиздүү сарптоолорду жана адилет пайданын элементи эске алынган эсептөөлөрдүн негизинде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир станция үчүн өзүнчө белгиленет.

Талкууда депутат Айтмамат Назаров бүгүнкү күндө кен байлыктарын казганга караганда электр кубатын өндүрүү пайдалуу болот деген пикирин ортого салып, мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Мындан сырткары, талкууда энергия өндүрүүнүн альтернативдүү булактарын курууга жер бөлүү, техникалык-экономикалык негиздеме сыяктуу шарттарга КР Өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана башка жагдайлар боюнча суроолор берилип, жооптор айтылды. Ошондой эле электр кубатын өндүрөбүз деген ата мекендик ишкерлердин демилгелери аткаруу бийлиги тарабынан колдоого алынбай жаткандыгы сынга алынды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Турсунбаев А.А., Пирматов И.А., Маматов А., Калмаматов Ж.А., Турускулов Ж.К., Султанов А.М., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К., Жеенчороев М.К., Рыспаев К.Ж., Жутанов А.Т., Исаков М.А., Чудинов И.В., Нишанов Н.Н., Кыдыралиев У.Т., Кулбараков А.И., Исаева Д.Ш., Бекешев Д.Д., Сарсейитов И.З., Ибраимжанов Б.С.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 979

Окшош жаңылыктар