Быйылкы жылдын жыйынтыгы ийгиликтүү болду

26-12-2018 15:41

Быйылкы жыйынтыкталып жаткан 2018 – жыл бир топ жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекеси болуп өттү. Ушул эле жылы залкар жазуучу, улут сыймыгы болгон Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы бир гана биздин мамлекетибизде эле эмес, аалам алкагында кеңири масштабда белгиленди. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары төгөрөктүн төрт бурчунан өз күйөрмандарын чогултту. Мындай ири эл аралык деңгээлдеги иш чараларда Жогорку Кеңештин колдоосу зор болду, - дейт ЖК депутаты Алмазбек Акматов бүгүн, 26 – декабрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле депутат агрардык тармакта кабыл алынып жаткан мыйзамдардын маанисин айтып, эл менен болгон жолугушууларда коюлган суроо -талаптарды орундоодогу орчундуу иштерге токтолду.

Кыргызстан боюнча Нарын областынын Нарын районунда гана оорукана жок экендигин кайра – кайра көтөрө берип, “музду” ордунан козгогон депутат да ушул А.Акматов.

Элдин жол куруу, мектепке болгон муктаждыктарга байланышкан суроолору боюнча натыйжалуу иштер жүрүп жаткандыгын айткан эл өкүлү, - ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытындагы аракеттер тууралуу да маалымат берди. Атай келгенде, депутаттын колдоосу менен Нарын областынын Нарын районундагы “Кызыл - Жылдыз” айылындагылардын сууга болгон муктаждыгы чечилүү алдында турат. “Бул максатка деп республикалык бюджеттин “капиталдык салымдар” беренесинин алкагында 6 млн. сом бөлүндү”, - деп тастыктады А.Акматов. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 358

Окшош жаңылыктар