Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат М.Мадеминов: “Сапаттуу статистика болушу үчүн расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн башка жактардан көз карандысыздыгы камсыздалышы зарыл”

26-12-2018
13:00

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Расмий статистика жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Бактыбек Турусбеков демилгелеген.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечилердин бири Мурадыл Мадеминов тааныштырды. Анын маалыматына ылайык, мыйзам долбоору улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө болуп саналат. Баяндамачы Мурадыл Мадеминов сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорлору улуттук статистика тутумунун уюштурулушу менен анын иштөөсүн жөнгө саларын, расмий статистиканы иштеп чыгуу, даярдоо жана жайылтуу үчүн укуктук негизди аныктай турганын айтты. “Макулдашылган, такталган жана эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн керек. Сапаттуу статистика болушу үчүн расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн башка жактардан көз карандысыздыгы камсыздалышы зарыл”, - деди ал.

Мыйзам долбоору менен “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини эң алды менен сапат аспектисине басым жасалган, ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтардын макамы жана сапатын жогорулатууга талап болот.

Сунушталган мыйзам долбоору менен расмий статистикага негиз болуучу төмөнкүдөй принциптери аныкталмакчы:

-          кесиптик көз карандысыздык;

-          бейтараптуулук жана обьективдүүлүк;

-          тактык жана ишенимдүүлүк;

-          макулдашуу жана салыштыруу;

-          дааналык жана ачык-айкындык;

-          статистиканын купуялуулугу жана статистикалык максаттарда гана колдонуу;

-          релеванттулук.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы