ЖАҢЫЛЫКТАР 26.12.18.

26-12-2018 08:28

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26 – декабрдагы олтурумунда “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү”  мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү” боюнча мыйзам долбоору да биринчи окууда талкууланат. “Расмий статистика жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы да кароого коюлмакчы.

“Орто жалпы билим алуунун программасы боюнча андан ары окууну уланткысы келбегендер үчүн милдеттүү акысыз билим берүүнү ишке ашыруучу  мыйзам долбоорун иштеп чыктык”, - дейт депутат М.Жеенчороев тармактык комитетинин жыйынында. Демилгечи депутаттын айтымында, 2010-2016-жылдардагы статистикалык маалыматка караганда, ар жыл сайын 9-классты 98000  окуучу аяктайт. Бирок, окуусун улантпай калгандары бар. Алардын тагдырына кандай кам көрүү зарыл, - дейт эл өкүлү.           

                          СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

Депутат Дүйшөн Төрөкулов, - "Кесипчилик - техникалык окуу жайына 9 - класстын базасында тапшыргандарга акысыз окутуу, ал эми 11 - класстан кийин тапшыргандарга келишимдик негизде билим берилсе", - деп сунуштады. Ошондой эле ал миграциялык агымга туш болгон кесип ээлерине келишим түзүү жеткиликтүү үйрөтүлсө, - дейт. 

                     СНХ.Д.ТӨРӨКУЛОВ

Кесипчилик - техникалык окуу жайларына тапщыруучулардын саны өсүп жатат деген менен, андагы базалар дагы деле алсыз. Спорт залы жок учурлар бар. Буга Балыкчы шаарындагы көрүнүш мисал, - дейт депутат Зиядин Жамалдинов.

 

                    СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Окутуу иштеринин көзөмөлгө алынганы жакшы. Бирок, окуу китептеринин сапатына ким жооп берет? Аларды даярдап чыгаруу дагы деле чет мамлекеттерге ишенип тапщырыла береби? Бул суроо депутат Кубанычбек Нурматов тарабынан жолдонду.

                     СНХ.К.НУРМАТОВ

КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиеванын белгилешинче, учурда 93 кесипчилик - техникалык окуу жайлары иштеп жатат. Анда окууну каалагандар үчүн 8 миңге жакын резервдик орундар бар. Орто кесиптик билим берүү ченемдерин киргизүү үчүн  750 млн. сом керектелет.

                   СНХ.Г.КУДАЙБЕРДИЕВА

Бүгүн, 26-декабрь саат 11:00дө Жогорку Кеңештин Басма сөз борборунда "Ата-Мекен" фракциясы Өмүрбек Текебаевдин "Миссия" аттуу китебин журналисттерге тааныштырып, жаңы жылдык белек катары тартууламакчы.

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад областынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 - 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+1...+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен: +3…+8 градус жылуу болот. Ысык - Көл: -2…+3 градуска чейин жылыйт. Нарын:8…-13 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 26 – декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 - 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +2…+4 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 118

Окшош жаңылыктар