Мамлекеттик тилден сабак берген мугалимдер үчүн окуу борбору ачылды

24-12-2018 11:46

Жогорку Кеңеш депутаттары караган олуттуу суроолордун бири мектептерге арналган окуу китептеринин сапаты. Котормо ишинде катачылыктарга жол бербөө маселеси. Эл өкүлдөрү айткан ушул тапшырмалар менен сын – пикирлердин жыйынтыгы эмнени көрсөтүп жаткандыгы Билим берүү жана илим министрлигинен такталды. Бул багыттагы суроолорго жооп берген Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраимова “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, баардык билим берүү деңгээлдерин камтыган алгач 28 андан кийин 89 окуу китептери  кыргыз тилинде басылып чыккандыгын маалымдады.

Бала бакчадан баштап, орто жана жогорку  кесиптик билим берүүгө арналган китептер мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бир багыты. Медицина, курулуш жана геология тармагындагы адистерди даярдаган окуу жайлар үчүн дагы кыргыз тилинде окуу китептери иштелип чыкты.

Ушул жылдын 5-октябрында мамлекеттик тилден сабак берген мугалимдер үчүн окуу борбору ачылды, - дейт Гүлнара Ибраимова. Адистин айтымында,  ал жерде мугалимдер кесиптик квалификациясын жогорулатып турушат. 

Учурда билим берүү тармагында көп тил билүү программасы ишке ашырылууда. Ага 17 бала бакча, 78 мектеп жана 5 жогорку окуу жайы  сыноочу долбоор катары тартылган.  Программа өзбек, тилдүү мектептерде кыргыз тилин үйрөтүүгө чоң көмөк көрсөтүп жатат. Кыргызстанда 500 мугалим бул программанын үстүндө эмгектенишүүдө. Кесиптик - техникалык билим берүү тармагынын мугалимдерине да мамлекеттик тил боюнча семинарлар уюштурулууда, -  дейт Гүлнара Ибраимова.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү белгилегендей, башталгыч класстар үчүн 7 предметти камтыган эки тилдеги  “Ай билим”  электрондук программасы иштелип чыкты. Ал эми 5-9 класстын окуучуларына арналган “Билим булагы” аталыштагы программа ишке ашырылууда.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 298

Окшош жаңылыктар