ЖАҢЫЛЫКТАР 21.12.18.

21-12-2018 08:46

Бүгүн, 21- декабрда Кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленет. Бул иш чараны өткөрүүгө 2018-жылдын бюджетинен акча каражаты каралган эмес. Себеби, иш чара өнөктөштөрдүн жардамы менен өтүүдө. Ошондуктан, мамлекеттин казынасына оорчулук келбейт. Маараке илимий – практикалык конференция, расмий иш чаралар менен коштолот.

                       СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Өлкө электр кубатын импорттогон маалда коюлган электр кубаты боюнча кош тартифтик сетка убактылуу болгондугун эске салган депутат Аида Исмаилова, -“Электр кубаты экспортко өздүк баадан төмөн чыгарылып, ал эми өзүбүздүн жарандарыбызга кымбат сатылууда. Андыктан, КР Өкмөтү электр энергиясы боюнча тарифти кайра карап чыгуусу керек”,- дейт.

                      СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Орус драма театрындагы абалды экинчи ЖЭБ деп атаган депутат Акылбек Жапаров, - театрды текшерген салык кызматынын, эсептөө палатасынын аудиторлорунун аты-жөнүн ачыктоону талап кылды. Болбосо, текшерүү органдары жетекчилер менен акчаны жең ичинен бөлүшүп келгенби? – деген күмөн саноо пайда болот, - дейт эл өкүлү.

                     СНХ.А.ЖАПАРОВ

Кичинекей объектилердин жанын койбой текшерип, тапкан татып – татыбаган каражатын аңдыгандар көп. Ал эми ири объектилерге келгенде көрмөксөндүк жарабайт. Бул эмне коррупцияны инвентаризациялаган нерсеби? – дейт депутат Эльвира Сурабалдиева фискалдык комитеттин жыйынында.

                    СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң кишини түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн. Талкууда депутат Таабалды Тиллаев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата – энелердин чакан ишкердик баштоого ниети болсо, насыялоо жагынан кандай колдоо көрсөтүлөрүнө кызыкты.

                   СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21-декабрда Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык - Көл: -4...+1, Баткен, Жалал-Абад, Ош: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Талас: 0...-5,Нарында жана бийик тоолуу райондордо: -11...-16 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21 – декабрда жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы 0…-2 градус суук болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 84

Окшош жаңылыктар