Ата мекендик медицинанын абалы жана келечеги....

20-12-2018 16:57

Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 20 - декабрдагы олтурумунун орчундуу бөлүгүн медицина тармагынын азыркы абалына жана келечегине тиешелүү маселерди кароого арнады. Көбүн эсе милдеттүү медициналык камсыздандыруунун шарттары талапка жооп берер - бербеси бюджет каралып жаткандагы өзөктүү суроо болду. Ошондуктан, "Парламент" радиосу да ата мекендик медицинанын дарамети тууралуу уктуруу уюштуруп, адистердин маалыматтарына орун берди. Анда калк саламаттыгын коргоодо профилактикалык иштер, чукул жардам көрсөтүү, оор дарттардын кесепетинен арылтуу жолдору баяндалды.

"Кыргыз медицинасында боорду алмаштыруу жагынан операция жасала элек, - десек болот. Ошондуктан, бул боюнча көйгөйү бар жарандардын колунан келгендери Индияга барып, трансплантациялык жардам алууга ыкташат. Себеби, ал жерде Түркияга, Европага салыштырмалуу бир топ арзан. Деги эле адам органдарын ооштурууда ата мекендик медицинага азырынча толук кандуу жол ачып бере турган мыйзам жок", - дейт Бишкек шаарындагы Эл аралык медициналык университеттин илимий иштер боюнча проректору Шайырбек Сулайманов бүгүн, 20 – декабрда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

"Органдарды алмаштырууда хирургдардын 3 бригадасы иштейт. Бул өтө жооптуу иш. Кыргызстандын тарыхында бир жыл мурда боорду алмаштырган жападан жалгыз бир операция жасалган. Бөйрөктүн трансплантациясы боюнча аракеттер көрүлүп жатат", - дейт ошол эле уктурууга чакырылган онкологиялык дарттарга каршы күрөшүүдө бай тажрыйбасы бар хирург, медицина илимдеринин кандидаты Эльдар Байбулатов. Ал дагы медицина багытындагы адистерди даярдоодо окутуучулук усулдарды иштеп чыккан адис. Бишкек шаарындагы Эл аралык медициналык университеттин биринчи проректору.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 292

Окшош жаңылыктар