ЖАҢЫЛЫКТАР 20.12.18.

20-12-2018 08:38

Ар кандай маселелер сааты” адаттагыдай эле Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20 – декабрдагы жыйынынын алгачкы маселеси. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинччи окууда кеңири талкууланат. Ошондой эле бир топ ратификациялык мыйзам долбоорлору да күн тартибине киргизилген.

Жаӊыдан кабыл алынган Кылмыш-процесстик кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирет. Ага ылайык, «тергөө судьясы» институту негизделет. Ошого жараша жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда. Демилгечи ким экендигин депутат Кенжебек Бокоев тактады.

                        СНХ.К.БОКОЕВ

Тергөө судьясы ишке кириши үчүн бюджеттен 200 млн. сомго жакын каражат керектелет. Бул ушунчалык эле зарылчылык жараткан маселе беле? – деген суроону депутат А.Карашев жолдоду.

                        СНХ.А.КАРАШЕВ

Бишкектеги таза абаны камсыздайбыз, - дейбиз. Бирок эски унаалардын сапарга чыгуусу токтобой жатса маселе кантип чечилмек? Себеби, абаны булгоочу балыктардын 67%ына дал ушул транспорт каражаттары себепчи болот экен. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар” маселесин талкуулаган учурда билдирди.

                         СНХ.Р.МОМБЕКОВ

“Коопсуз шаар” долбоорун караган учурда депутат Алмазбек Эргешов бул долбоор союздун убагындагы БАМды кургандай эле жылдап күтө турган көрүнүшпү? – дейт.

                         СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Унааларды камсыздандыруу зарылчылыгына токтолгон депутат К.Иманалиев “Коопсуз шаар” долбоорун кароодо ушул маселени да бирге камтып, тиешелүү мыйзамды даярдоону сунуштады.

                        СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 – декабрда республика аймагында мезгил – мезгили менен кар жаайт. Жалал – Абад областынын айрым райондорунда жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында кардын тынымсыз жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:0...-5, Талас:-1...-6, Нарын:-2...-7 градус суук болот. Ош, Жалал – Абад, Баткен:0...+5 градус жылуу. Ысык – Көл:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 20 – декабрда мезгил – мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -1...-3 градус суук болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 144

Окшош жаңылыктар