ЖАҢЫЛЫКТАР 19.12.18.

19-12-2018 08:25

Бүгүн, 19 – декабрда Жогорку Кеңеш “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндөгү Өкмөттүн  маалыматын угууну улантат. “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын макулдашылган варианты да бүгүнкү жыйындын кароосуна чыгат. “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланат.  

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын карады. Бул багытта баяндама жасаган КР Тышкы иштер министринин статс – катчысы Айбек Омокеевдин белгилешинче, консулдук каттоого туруу үчүн он – лайн кызматын колдонуу иштери жүзөгө ашырылат.

                    СНХ. А.ОМОКЕЕВ

Депутат Каныбек Иманалиев кандай зарылчылыктардан улам, Грузияда Ардактуу консул оруну ачылгандыгына кызыкты.

                   СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Депутат Сагындык Келдибаев, - “Россияда, Казакстанда элди өзүнө тартыш үчүн ачылган диаспоралар көп. Мен билгенден Россияда эле 30дан ашык диаспоралар бар. Регионализмге ыктагандардын чачыранды иштери да жүргүзүп жаткандыгы да жашыруун эмес”, - дейт.

                   СНХ.С.КЕЛДИБАЕВ

Билим берүү саясатын эле жүргүзбөй, бүтүндөй мектептердин чыгымы, андагы балдарга берилүүчү ысык чай маселелеринин бардыгы жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигинде болбой, Билим берүү жана илим министрлигинин тейлөөсүнө алынышы керек, - дейт депутат К.Бокоев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                   СНХ. К.БОКОЕВ

Айыл өкмөттөрүнүн ишиндеги тоскоолдуктардын бири интернеттин жетише бербегендиги. Бул тууралуу Жалал – Абад областынын Аксы районундагы Кара – Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров “Парламент” радиосуна билдирди. Мындай абалдан улам, долбоорлор менен иштешүүдөгү керектүү маалыматтарды жөнөтүү кыйла убарагерчиликти жаратып, район борборуна барууга туура келет, - дейт ал.

                  СНХ.Р.БЕКНАЗАРОВ

Жер – жерлерде өтүп жаткан маарекелик иш чараларга деп ар бир айыл өкмөттөрүнө салынган салыктар тууралуу эч ким айтпайт. Муну текшерген да тарап дагы жок. Жыйналган каражат кайда кетип жаткандыгын сураган киши болбойт, - дейт Талас областынын Бакай – Ата районундагы Ак – Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Максат Джанчыкулов.

                 СНХ.ДЖАНЧЫКУЛОВ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19 – декабрда республиканын көпчүлүк аймагына кар түшөт. Жалал – Абад областында жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында кар калың жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2 – 7, ал эми Ысык – Көл акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 0...- 5, Нарын: - 2...-7 градус суук болот. Ысык – Көл:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал – Абад, Баткен:0...+5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19 – декабрда мезгил – мезгили кар жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 –7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0...-2 градус суук болот.              

Көрүүлөрдүн саны : 171

Окшош жаңылыктар