Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы гана текшергенде, азыркыдай ыгы жок текшерүүлөр болбос эле...

17-12-2018 14:45

Билим берүү саясатын эле жүргүзбөй, бүтүндөй мектептердин чыгымы, андагы балдарга берилүүчү ысык чай маселелеринин бардыгы жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигинде болбой, Билим берүү жана илим министрлигинин тейлөөсүнө алынышы керек, - дейт депутат К.Бокоев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле депутат, -“Текшерүүгө укуктуу органдардын тизмеси так болушун айтып, ал курамда Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы гана турганда ыгы жок текшерүүлөр болбос эле”, - дейт. Андан тышкары эл өкүлү, - айыл өкмөттөрүндөгү документтердин түп нускасы текшерүүгө берилбеши керектигин да кошумчалады.                   

Айыл өкмөттөрүнүн ишиндеги тоскоолдуктардын бири интернеттин жетише бербегендиги. Бул тууралуу Жалал – Абад областынын Аксы районундагы Кара – Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров “Парламент” радиосуна билдирди. Мындай абалдан улам, долбоорлор менен иштешүүдөгү керектүү маалыматтарды жөнөтүү кыйла убарагерчиликти жаратып, район борборуна барууга туура келет, - дейт ал.                    

Жер – жерлерде өтүп жаткан маарекелик иш - чараларга, - деп ар бир айыл өкмөттөрүнө салынган салыктар тууралуу эч ким айтпайт. Муну текшерген тарап дагы жок. Жыйналган каражат кайда кетип жаткандыгын сураган киши болбойт, - дейт Талас областынын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Максат Жанчыкулов.

                    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 457

Окшош жаңылыктар