10 миңден кем эмес кыргыз жарандары бар жерлерде гана ардактуу консулдук ачуу маселеси көтөрүлөт

17-12-2018 16:47

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын карады. Бул багытта баяндама жасаган КР Тышкы иштер министрлигинин статс – катчысы Айбек Омокеевдин белгилешинче, консулдук каттоого туруу үчүн он – лайн кызматын колдонуу иштери жүзөгө ашырылат. 

Ошондой эле ардактуу консул кызматына барчулардын жаш курагы 75 жашка чейинкилер болуш керек. Буга чейин 65 жаштан жогоркулар ардактуу консул боло алчу эмес. Ал эми Россиядагы кош жарандуулук маселеси жакын арада каралбастыгын Россиянын расмий бийлиги билдирип жатат, - дейт ТИМ өкүлү.

Талкууда депутат Каныбек Иманалиев кандай зарылчылыктардан улам, Грузияда ардактуу консул оруну ачылгандыгына кызыкты. Депутат ошондой эле эгерде консулдук ачуу талабы жаралган жерлерде кеминде 10 миңден кем эмес кыргыз жарандары болушу керектигин билдирди." Ал эми азыр ачылды деп айтылып жаткан Грузияда кыргыз мигранттарынын уучка толбогон өкүлү болсо болоор, болбосо жок. Ушундай эле көрүнүш Венгрияга да таандык", - деп кошумчалады эл өкүлү. 

Депутат Сагындык Келдибаев, - “Россияда, Казакстанда элди өзүнө тартыш үчүн ачылган диаспоралар көп. Мен билгенден Россияда эле 30дан ашык диаспоралар бар. Регионализмге ыктагандардын чачыранды иштерди жүргүзүп жаткандыгы да жашыруун эмес”, - дейт. 

Талкуу жыйынтыгында «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышы жаңы жылдан кийин дагы бир ирет каралышы керек, - деп табылды.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 197

Окшош жаңылыктар