ЖАҢЫЛЫКТАР 18.12.18.

18-12-2018 08:30

Бүгүн, 18 – декабрда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет кезектеги жыйынында «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карайт. Ошондой эле “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын контролдоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Негизги демилгечи депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдүн түрү боюнча маалымат берип, буларга токтолду.                    

                     СНХ.К.БОКОЕВ

Адистердин квалификациясын таануу жагы эмгек рыногундагы негизги талаптардын бири. Ошондуктан, улуттук квалификациялар системасын калыптандыруу үчүн ченемдик - укуктук базасын жана медотикалык  негизин түзүү иштери натыйжалуу жолго коюлууда. Мындай ыкма дүйнөнүн 145 өлкөсүндө колдонулуп келет. Бул тууралуу парламенттик угууда КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева билдирди.

                    СНХ.Г.КУДАЙБЕРДИЕВА

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы терминдердин маанисин түшүндүрүп, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Кожобеков адистердин квалицикациясы ички жана сырткы эмгек рыногунда кеңири тааныла тургандыгын түшүндүрдү. Ошондой эле ал бакалавр, магистр жана философия илимдеринин доктору сыяктуу терминдердин так аныктамаларын чечмелеп берди.                  

                   СНХ.К.КОЖОБЕКОВ

Талкууда депутат А.Самигуллина, - “Кыргызстанда даярдалып жаткан дипломдуулардын басымдуу бөлүгү ички кадрларга болгон муктаждыкты эмес, чет жердеги адистердин тартыштыгын жабууга кетип жатышкандай. Буга мисал, медиицина багытындагы кесип ээлери айлык акынын аздыгынан чет мамлекетке агылып чыгып кетишүүдө. Негизи илим – илимге эле  эмес, экономикага дагы таканч болушу керек”, - дейт.

                  СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Мамлекетибиз алгач эгемендиктин байрагын желбиреткенден көп өтпөй, 1993 – жылдын 5 -  майында өлкөбүздүн жаңы Баш мыйзамы кабыл алынган. Аны иштеп чыгууда легендарлуу парламенттин тарыхый салымы зор. “Ошондогу депутаттар катышкан атайын топ 53 кишиден туруп, Конституциянын классикалык үлгүсүн иштеп чыгышкан. Ага дээрлик 2 жылга жакын убакыт кеткен”, - дейт легендарлуу парламенттин депутаты болгон коомдук саясый ишмер Жамин Акималиев парламенттин 80 жылдыгы тууралуу ой бөлүшүп.

                 СНХ.Ж.АКИМАЛИЕВ

“Маданияттын мыкты кызматкери” Анара Шаимкулова маданият тармагына жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын депутаттардын арасында маданиятты жакшы түшүнгөн кесипкөйлөрдүн бар экендиги менен байланыштырды. Мыйзам чыгаруу бийлигинин үнү болгон жогорку эталондогу радионун студиясында олтуруп, маданият темасынын талдоого алынышы өзгөчөлүү мүмкүнчүлүк экендигин кошумчалады ал.

                СНХ.А.ШАИМКУЛОВА

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 – декабрда республиканын көпчүлүк аймагына кар түшөт. Ош, Жалал – Абад областтарында жаан жаайт. Чүй, Ысык – Көл областтарында нөшөөрлүү жаан жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3 – 8, ал эми Чүй, Ысык – Көл, Нарын областтарында 17 – 22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: - 1...+4, Талас: - 2...+3, Ысык – Көл:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал – Абад:+1...+6, Баткен:+2...+7 градус жылуу болот. Нарын:-5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18 – декабрда мезгил – мезгили кар жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +2...+4 градус жылуу болот.              

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 51

Окшош жаңылыктар