ЖАҢЫЛЫКТАР 17.12.18.

17-12-2018 08:40

Жарандарга ыӊгайлуу шарттарды түзүү, коррупциялык жосундарды жана бюрократиялык кайдыгерликти  четтетүү  үчүн мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын кайра карап, өнүгүүнүн жаӊы этабына өтүү зарлычылыгы бар. Мында маалымат технологияларынын заманбап өнүгүүлөрү эске алынат. Бул тууралуу Төрага Дастанбек Жумабеков мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги менен өткөн санарипти өнүктүрүү чараларына арналган Коопсуздук кеӊешинин жыйынында билдирди.

Депутат Аида Касымалиева КСДП фракциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна бир добуштан сунушталды. Эми бул маселе Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитетинен өтүп, парламенттин жалпы жыйынына чыгарылышы керек.  Ал эми буга чейин ушул эле фракциянын сунушу менен депутат Асел Кодуранова вице – спикерлик кызматты аркалап келген. Азыркы аны кайра чакыртып алуу чечими ротацияга байланыштуу, - деп түшүндүрүлүүдө.

“КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” КР мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр  биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев демилгелешүүдө. Президенттин  үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам, мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизмекчи.

                       СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

Кыргызстандын бир дагы жараны мыйзамга жамынып алып кылмыш иштерин жасабашы керек. Анткени, мыйзам алдында башка жарандардай эле жооп беришин талап кылуу шарт, - дейт депутат Алтынбек Сулайманов.

                        СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Депутат Жанарбек Акаевдин белгилешинче, экс – президенттердин кол тийбестигине арналган мыйзамды кабыл алуу менен бирге, бийликтеги “мураскерликти” жокко чыгара турган мыйзам долбоорун дагы иштеп чыгуу керек.

                       СНХ.Ж.АКАЕВ

Мамлекеттик кызматтарда, күч органдарында иштегендердин арасында чет элдик жарандыгы барлары барбы, же жокпу? Бул жагдайды аныктоону аткаруу бийлигине сунуш кылган депутат Тазабек Икрамов ошондой эле саясый партиялар менен жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштуруучулардын жарандыгын текшерүүнү да талап кылды.

                       СНХ.Т.ИКРАМОВ

Онкологиялык ооруларга кабылгандардын 60%ы аялдар. Мындай статистикалык маалыматтарды тактаган депутат Махабат Мавлянова аткаруу бийлигин профилактикалык иш-чараларга көбүрөөк басым жасап, оорулардын көбөйүп кетүүсүнүн алдын алууга чакырды.

                      СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Майып жарандарыбызды коомго аралаштыруу толук чечиле электигине токтолгон депутат Пархат Тулендыбаевдин айтымында, пандустар көп эле жерге курулганы менен, алардын көбү тиешелүү стандарттарга дал келбейт.

                     СНХ.П.ТУЛЕНДЫБАЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17 – декабрда мезгил – мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: +1…+6, Талас, Ысык-Көл: 0…+5, Баткен: +2…+7, Ош, Жалал-Абад:0…+6, градус жылуу болот. Нарын:-6…-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17-декабрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-6 метрге, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 3…5 градус жылуу болот. 

 

Көрүүлөрдүн саны : 129

Окшош жаңылыктар