ЖАҢЫЛЫКТАР 14.12.18.

14-12-2018 08:56

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүн, 14  - декабрда  саат 14.00дө "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт. Мыйзам долбоору депутаттар А.М.Нурбаев, К.К.Керезбеков, Н.В.Никитенко, М.И.Бакиров, А.С.Токторов тарабынан демилгеленүүдө.

« Улуттук банк жаңы имараттуу болуу үчүн курулуш иштерин 2005-жылдан бери баштап, акырына чыга албай келет. Буга бери жагы 310 млн сом сарпталган экен. Эми дагы канча каражат жумшаларын эч ким билбейт? Ошондуктан, бул маселени адегенде тармактык комитетте карап, анан парламенттин кароосуна алып чыгуу керек», - деди депутат Улукбек Ормонов болду.

                    СНХ.У.ОРМОНОВ

Жакында транспорт министринин орун басары миңдеген долларлык пара менен кармалып олтургандыгын мисалга келтирген “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, - “Бул жолдун бир эле участкасынан алынган жымырып – кымтуу. Мындайдын дагы канчасы билинип – билинбей калууда? Анда сол чөнтөккө солонгон сомдордун изине түшүп, тамырын табалы” , - дейт.

                     СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Данияр Аттокуров белгилегендей, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун толук кандуу старт алуусу 2019 – жылдын январь, февраль айларына туура келет.

                    СНХ.Д.АТТОКУРОВ

Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилиштерине видеокөзөмөл орнотулат. Андан тышкары Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Манас аэропортун байланыштырган трассаларга да коюла турган видеокөзөмөлдөө жабдуулары бар. Ушундай эле техникалык жабдуулар Ош шаарынын 20, Жалал – Абад шаарынын 10 көчөсүндө ишке ашырылат, - дейт  Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев.        

                    СНХ.Б.ШАРШЕМБИЕВ

Ошол эле Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемировдин ырасташынча, жогорку маалымат технологиялары боюнча 40тан ашык парк иштеп жатат.

                    СНХ.К.ШАТЕМИРОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы Чүй:+3...+8, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен:  +6…+11, Ысык-Көл: +2…+7 градус жылуу болот. Нарын:  -3…-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +5…+7 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 89

Окшош жаңылыктар