Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жаңылыктар 20.09.16

20-09-2016
07:44

Төрага Чыныбай Турсунбеков кечээ, 19-сентябрда парламенттин депутаттарына, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлерине, билим берүү, саламаттык сактоо, илим тармактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жигердүү иштеген адамдарга Жогорку Кеӊештин, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамоталарын тапшырып, Төраганын атынан сааттарды белекке берди.Төрага өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын, анын ичинде өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигинин өнүгүү жолундагы урунттуу учурларга токтолуп, Кыргызстан үчүн парламентаризм системасы жаӊы нерсе эмес эмес экенин, кыргыз эли байыртан эле курултайларды өткөрүп, маанилүү маселелерди кеӊешип чечип келгенин белгиледи. Ал 2010-жылы башкаруунун жаӊы таризине өтүү – парламенттик демократия салттарын калыптандыруу тууралуу тарыхый чечим кабыл алынгандыгына токтолду. «Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү парламентаризмди өнүктүрүү жолун тандап алган жалгыз өлкө болуп саналат», - деп, ал парламенттик демократия жолунан тайбоо зарылчылыктарын атады.

                             СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Спикер жогорудагы иш-чаранын катышуучуларына өлкөдө парламентаризм салттарын калыптандырууга, улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстандын ар жараны өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууда», - деп жыйынтыктады ал өз сөзүн. Белгилей кетсек, бул сыйлыктарды тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдык маарекесинин алкагында өткөрүлдү.                      

Эл аралык өнүгүү ассоцициясы трансформаторлорду орнотуу жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу багытында Кыргызстанга колдоо көрсөтүп, 12 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу маалымат Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында каралды. Аталган сумманын 6,6 млн. кредит болсо, калган 5,4 млн. грант болуп саналат. Алынган каражатка өлкөнүн 4 шаарында трансформаторлор орнотулуп, өткөргүч зымдары жаңыртылат.Талкуу учурунда депутат Дастан Жумабеков кредит алууда абайлоого чакырып, ансыз деле өлкөнүн кредиттик карызы 4 млрд. долларга жетип калгандыгына тынчсызданды.

                             СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ 

Колдонуудагы Эмгек кодексинин 335-беренесинде көрсөтүлгөндөй, иштеген жумушун окуу менен айкалыштырган адамдар үчүн, ошондой       эле бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын болгон аймактарда иштегендер үчүн каралган кепилдиктер менен компенсациялар аларга негизги иштеген жери боюнча төлөнүп берилет деп көрсөтүлгөн. Эми азыркы депутаттар Ч. Турсунбеков, Ж. Акаев, А. Кулбараков тарабынан демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда ошол эле кепилдиктер менен компенсациялар айкалыштырып иштеген жери боюнча дагы төлөнөт,- деп сунушталып жатат. Бул маселе кечээ Бюджет жана каржы комитетинде кеңири талкууланды. Аталган кодекске кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр эң ириде  квалификациялуу врачтар жана мугалимдердин алыскы тоолуу аймактарга барып иштөөсүнө шарт түзмөкчү. 

                             СНХ.Ж.АКАЕВ

Жол куруудагы кемчиликтер боюнча атайын талкуу өткөрүү зарыл. Бул тууралуу сунушту депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтып чыкты.  Депутаттын пикиринде, жолдор кантип пайдаланылып жатканына 25 жылдан бери көңүл бурулбай жатат. "Жолдор начар салынып жаткандыктан, жарандарыбызды таш басып, алар каза болуп жатат. Бул жерде долбоорлордун начар иштелип жатканын белгилеп кетиш керек. Ал үчүн жоопкерчиликти ким алат? Ушул боюнча биз талкуу өткөрүшүбүз керек", - деди депутат.

                            СНХ.А.ЖАПАРОВ

Кечээ, 19-сентябрдагы Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды. Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бул мыйзам долбоорунда аялдамаларга жарнактарды жарыялоо ошол унаа токтотуучу жайдын ээси болгон аткаруу бийлигинин уруксааты менен гана ишке аша тургандыгы белгиленген. Бул аялдамананы аталышын жарнак менен жаап салууга жол бербей турган чаралардын бири. Жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын укук-милдеттери мыйзамда көрсөтүлгөн. Эми аларга кошуп, жарнак таратуучулардын дагы укук- милдеттери такталууда.

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй: 26...31; Ош, Жалал-Абад: 28...33, Баткен: 29...34 градус ысык болот. Талас: 25...30;Ысык-Көл: 20...25; Нарында 23...28 градуска чейин жылыйт. Бишкекте  бүгүн, 20-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 29...31 градус ысык болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...