Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым баштаган делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болду

07-12-2018 12:34

Бүгүн, 7-декабрда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшту. Андан тышкары маркумдардын арбагына багышталып куран окулду. Аземге төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары да катышты.

Белгилей кетсек, 6-декабрда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген. Сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1503

Окшош жаңылыктар