Тилек Токтогазиев: “Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдө сублимациялоо технологиясын колдонуу максатка ылайыктуу”

07-12-2018 12:33

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Жаштар платформасынын” кезектеги жыйыны болуп, демилгелүү жаштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өлкөнү өнүктүрүү максатындагы демилгелерин сунушташты.

“Жашыл чарба” агрохолдингинин башкы директору Тилек Токтогазиев айыл чарбасын өнүктүрүүдө дыйкандардын кирешесинин жогору болушун камсыз кылуу керек деген пикирин чечмелеп берди. Анын айтымында, дыйкандар эккен өсүмдүктөрүндө башкы максат түшүмдүүлүк жана анын баасынын жогору болуусу шарт. Бирок тилекке каршы, дыйкандарды коргоо механизмдери жок. Тобокелчиликтердин баары дыйкандардын мойнунда калып жатат. “Дыйкандардын дагы бир көйгөйү – чек аралардан контрабандалык айыл чарба өнүмдөрү өтүп жаткандыгы. Буга Өкмөтүбүз катуу көзөмөл кылып берсе, ошондо гана атаандаштык менен чыныгы күрөш болот эле”,- дейт. Ошондой эле Тилек Токтогазиев айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдө сублимациялоо технологиясын колдонуу менен өнүктүрүүнү сунуштады. Маселен, сүт азыктарын жаңы кезинде сатууда ташуу, бузбай сактоо жана башкалары болуп кымбатка туруп калат. Анын ордуна азыктарды сублимациялоо (азык-түлүктөрдү ыкчам кургатып, консервалоо ыкмасы) керектигин айткан Т.Токтогазиев дүйнөлүк брендге айланган “Nestle” сүт азыктарын чыгаруучу компанияны мисалга тартты.

Мындан сырткары, демилгелүү жаштардын арасынан “Тонус” коомдук фондунун түптөөчүсү Урмат Насыркулов Өкмөткө массалык спортту даңазалоо аркылуу дени сак жашоо образын жайылтуу боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Спорт тармагын өнүктүрүүдө футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын капитаны болуп жүргөн белгилүү футболчу Азамат Байматов Кыргызстанда спорттук комплекс жоктугун, спортту өнүктүрүүгө мындай комплекстин таасири абдан чоң экенин белгиледи. Экологияны жакшыртуу боюнча бир нече демилгелердин автору Гүлшаара Манапова Өкмөткө экология үчүн маанилүү маалыматтардын базасын түзүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1432

Окшош жаңылыктар