ЖАҢЫЛЫКТАР 07.12.18.

07-12-2018 08:27

Бүгүн, 7-декабрда жергебизде расмий иш сапары менен жүргөн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым баштаган делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болот. Андагы 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып тургузулган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтүүчү иш-чараларга да катышмакчы. Ал эми кечээ, 6 – декабрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу менен жолугушкан.

Ушул эле күнү КСДП фракциясы кезектеги жыйынында ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылуу багытында Өкмөттүн аткарып жаткан иштерин карайт. Бул боюнча маалыматтар менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова тааныштырат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын окуу жабдыктары менен камсыздандыруу тууралуу маалымат бул ирет “Кыргызстан” фракциясынын бүгүнкү, 7  -декабрдагы жыйынында каралат. Бул демилге аталган фракциянын өкүлү Айтмамат Назаровго таандык.

Ушул жылдын 21 – декабрында кыргыз парламентинин 80 жылдыгы белгиленет. Ушунчалык тарыхы терең, тажрыйбасы бай парламентке сын айткандар калыстыктын таразасынан тайбаса, - деген пикирин вице – спикер Мирлан Бакиров билдирди.

                    СНХ.М.БАКИРОВ

Азыркы биздин авиапарктагы учактардын орточо колдонулгандары 28 жылдан бери үзгүлтүксүз кызматта болуп келе жатат. Ал эми башка чет мамлекеттердеги мындай техникалардын каттамдарга чыгуусуна өндүрүштөн чыкканына 7 жылдан ашпагандарына гана уруксаат берилет. Бул тууралуу “Ачык асман” долбоорунун алкагындагы маалыматтар менен тааныштырган депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

                    СНХ.А.НУРБАЕВ

Мамлекетке караштуу мекеме – уюмдардын айрымдары ижарага алынган имараттарда олтурушат. Ошондуктан, бул максатка жумшала турган каражаттар бюджеттен суралууда. Мунун аягына качан чекит коюлат? Деги ушуга мүмкүнчүлүк болобу? Бул суроолор депутат Эльвира Сурабалдиева тарабынан көтөрүлдү.

                  СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Депутат Рыскелди Момбеков, - “Балдар биздин келечегибиз деген менен, жатак мектептердеги окуучулардын тамагына каралган каражат атайын органдардын ит жаныбарларына каралган сомдон солкулдап, кыйла алсыз болгону кандай? Балдарыбыздан да иттин тамагы артыкпы?”, - дейт  парламенттин кечээки жыйынында.

                  СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Алынган насыялардын  эсебинен салынган жолдорду сактоо сунушун көтөргөн депутат Бакирдин Субанбеков, - “Кара-Кечедеги көмүрдү Балыкчы шаарына чейин жүк ташуучу унаалар менен алып келип, андан бери  Чүй облусуна темир жол аркылуу жеткирүү кызматын катуу тартипке салуу кажет. Болбосо, жолдордун тез арадан иштен чыгышына ушул көрүнүштөр да себеп болуп жатат”, - деп билдирди.

                  СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Бүгүн, 7 – декабрда Жогорку Кеңеште жаштар платформасынын кезектеги жыйыны өтөт. Анда жаштардын демиилгелүү сунуш – пикирлери ортого салынат. Мындай иш чара депутат Жанар Акаевдин колдоосу менен парламентте экинчи ирет өткөрүлүүдө.

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7 – декабрда күн ачык болгону менен, жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман каптайт. Абанын температурасы Чүй, Ысык – Көл:+4...+9,: Талас:+5...+10; Ош, Жалал – Абад, Баткен:+7...+12 градус жылуу болот. Нарын: -2...-7 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 7 – декабрда жаан – чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6...+8 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 21

Окшош жаңылыктар