Кыргыз-Түрк парламенттеринин төрагалары эки тараптуу жолугушуулар тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берди

06-12-2018 20:21

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым болуп өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө учкай маалымат берди.

Алгач Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырымдын Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында бир катар олуттуу маселелер талкуулангандыгын белгилеп: “Жолугушуулар эки тарапка тең жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, күнүмдүк маселелерден тышкары, маанилүү саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакалардын келечеги тууралуу кеңири сүйлөштүк”, – деди. 

Жогорку Кеңештин Төрагасы муну менен катар экономикалык байланыштардын абалына токтолуп: “Учурдагы эки мамлекет ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 300 млн. АКШ долларын түзөт. Ага ылайык, жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына чыгаруу максатыбызды кеңири талкууладык. Бул үчүн тиешелүү министрликтер ортосундагы тыгыз алаканы калыптандыруу менен  бажы төлөмдөрүн байланышкан маселелерди сүйлөштүк. Айрыкча, сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын Түркия Республикасына сатуу маселесине басым жасалды”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле, жолугушууда Түркияда кыргыз жарандары тууралуу да сөз болгонун айткан Дастанбек Жумабеков: “Ал жакта кыргыз жарандары арбын. Андыктан, биздин мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу жана эмгек визасын алуу шарттарын жеңилдетүү көйгөйү да көтөрүлдү. Белгилей кетсек, бүгүн эле Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды. Келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген мигранттардын эмгек стажы таанылып, пенсия төлөнө баштайт”,– деди.

Өз кезегинде Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип: “Жолугушууда алакаларды арттырууга байланышкан маанилүү пикир алмашуу болду. Эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бардык маселе кеңири талкууланды. Ал эми Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди биздин парламент да жакынкы аралыкта колдоп берет деген ойдомун. Анткени эки өлкө парламенттеринин негизги максаты жарандардын социалдык камсыздоо маселесин чечүү”, – деп белгиледи.

Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Бинали Йылдырым бул жааттагы байланыштарды арттырууда депутаттык достук топторуна чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, 6-декабрда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1296

Окшош жаңылыктар