Жогорку Кеӊеште ушул жылдын 5-ноябрындагы Чаткал районунун Терек-Сай участкасында болгон чуулгандуу окуя боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулууда

06-12-2018 15:26

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган. Ошондон улам, ал жерге ИИМдин «Шумкар» тобунан жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган 2 пост уюштурулган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеӊеште ушул жылдын 5-ноябрында Терек-Сай участкасында болгон чуулгандуу окуя боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Генералдын айтымында, 5-ноябрь күнү жергиликтүү бир тургун корголгон аймакка уруксатсыз кирип кетип, посттогу кызматкерлер тарабынан кармалган. «Ал адамгаа түшүндүрүү чаралары жүргүзүлгөндөн кийин аймактан тышкары койо берилген. Ал айылына барып, 15 адам менен кайтып келип, милиция кызматкерлерин сабаган. Анын натыйжасында «Шумкар» тобунун 3 мүчөсү оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланууда. Ушу тапта ошол окуяга байланыштуу 16 адам кармалды. Соттун 6 адамды 9 айга, 9 адамды 6 айга чейин камакка алуу чечими чыкты», - деди Курсан Асанов.

Андан тышкары, ошол окуянын алкагында 2 берене – бейбаштык жана бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 275

Окшош жаңылыктар