"Ачык асман" долбоору транзиттик жана түз каттамдардын багытын кеңейтет

06-12-2018 15:20

«Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 6 айдан бери каралып, парламент комитетинин талдоосунан өтүп, бүгүн жалпы жыйынга чыгарылды. Маселени өкмөт дагы колдоп, оң корутундусун берген. Ушул аталган мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаев кеңири маалымат берип, бүгүн, 6 – декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Жаңы демилгеге ылайык, «Ачык асман» долбоору сунушталууда. Анын алкагында баардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жетишилет.  

Ошондой эле мыйзам өзгөртүүлөрүнө ылайык, авиакаттамдагы жолкире акыларында да арзандатуулар болот. Бул эл үчүн өзгөчө зарыл, - деди эл өкүлү. Андан тышкары,  ал, - авиапарктагы учактардын орто мууну 27 – 28 жылдан бери колдонулуп келе жаткандыгы опурталдуу экендигин билдирип, башка мамлекеттерде өндүрүштөн чыкканына 7 жылдан ашпаган учактар пайдаланыларын кошумчалады.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, анын пайдасы 2019 – жылдын 2 – жарым жылдыгынан тартып сезиле башташы керек, - дейт А.Нурбаев. 

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 272

Окшош жаңылыктар