Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 6-декабрында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

06-12-2018 14:55

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 1-2-3-окуудагы бир катар мыйзам долбоорлору менен токтом долбоорлору добуш берүүдөн өттү.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2567-VI-токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутат Райымкулов Б.К. жана Өкмөт, 17.03.17деги № 170 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын);

- “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Мавлянова М.Э., Бакиров М.И., Алимбеков Н.К., Акаев Ж., Иманалиев К.К., Джумабеков Д.А., Турускулов Ж.К., Примов У.Б., Осмонова А.Ш., Жамангулов А.Ж., Бекешев Д.Д., Джураев С.М., Жунус уулу Алтынбек, Керезбеков К.К., Кулбараков А.И., Сулайманов А.Т., Жээнбеков А.Ш.);

- “Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.01.18деги № 53 токтом);

- “2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон бир мамлекеттин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган бөөдө кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.08.18деги № 387 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.10.18деги № 455 токтом).

- “Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.10.18деги № 482 токтом);

- “2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.11.18деги № 522 токтом);

- “2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.10.18деги № 479 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.09.18деги № 435 токтом);

- “2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.07.18деги № 339 токтом).

Кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомдору:

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Турусбеков Б.С. жөнүндө);

- “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашыруу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Сабиров М.Э.);

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Тагаев Э.С. жөнүндө);

- “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясын жана “Кемин” 500 кВ подстанциясын куруу” жана “Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо” проекттерин ишке ашырууга кеткен кредиттик каражаттардын максаттуу жана эффективдүү пайдаланышын текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Кыдыралиев У.Т.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 591

Окшош жаңылыктар