ЖАҢЫЛЫКТАР 06.12.18.

06-12-2018 08:24

Бүгүн, 6-декабрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар жергебизге расмий иш сапар менен келген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырымды кабыл алат.  Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып тургузулган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат. Андан соң, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтүүчү иш-чараларга катышмакчы.

Бүгүн, 6 – декабрда Жогорку Кеңеш өлкөнүн аба катнашын өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет да ушул эле маселени карап, өз корутундусун чыгарган. Мыйзам долбоорунда баардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого мүмкүнчүлүк берилмекчи.

                   СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Каракол шаарындагы аэропортко 96 орундуу самолетттор конуп жатканда, аэропорттун техникалык – экономикалык негиздемелери кандай этапта турат? Мындай суроону депутат Данияр Аттокуров көтөрдү.

                   СНХ.Д.АТТОКУРОВ

Ата мекендик 97, 5 млн. долларлык товарлар Кытайга сатылып, эки тараптуу соода – сатык иштеринде жылыштар байкалууда. Алардын катарында жаңгак, бал, эт жана тирүү мал, тери, темир материалдары бар. Статистиканын тили менен алганда, өсүштөр барбы, жокпу? Мындай суроого депутат Таалайбек Масабиров жооп издеди.

                   СНХ.Т.МАСАБИРОВ

Айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруунун эсебин тактоо зарылдыгын айткан депутат Исхак Масалиев, - ошол өнүмдөрдүн ички керектөөнү жабаар – жаппастыгын да эске алуу кажеттигин айтып, дотациялык колдоонун маанисин эл аралык тажрыйбалар менен салыштырды.

                   СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Айыл чарбасын дотациялоого каралган 6 жыл ичиндеги каражат 5 млрд. сомдой болду. Бирок, анын жыйынтыгы чеке жылыттыбы? Бул суроого депутат Айтмамат Назаров кайрылды.

                  СНХ.А.НАЗАРОВ

Канада өкмөтү лаборатория курууга, - деп берген 50 млн. долларды ары тартып, бери тартып олтуруп кур жалак калган элек. Бул көрүнүшкө көөнү кейиген депутат Акылбек Жапаров,  - азыр ошол ырыскыны ысырап кылбай, өз тарабына тартып кеткен Тажикстанда өксүү эмес, өсүш болуп жаткандыгын маалымдады.

                 СНХ.А.ЖАПАРОВ

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата  Чүй облусунун Панфилов районунун  Панфилов комплекстүү орто мектебинде өткөрүлгөн иш-чарага депутат Бактыбек Райымкулов катышты. Анда сөз алган депутат залкар калемгердин маарекеси өлкө аймагында эле эмес, дүйнөлүк алкакта дагы кеңири белгиленип жатканына токтолду. Бул жолку маданий иш-чарада аталган райондун мектептеринен келген окуучулар жазуучунун чыгармаларын сахналаштырган чакан сценкаларды тартуулашты.

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 – декабрда күн ачык болгону менен, жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл:+4...+9, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+7...+12 градус жылуу болот. Нарын: -2...-7 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 6 – декабрда жаан – чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5...+7 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 23

Окшош жаңылыктар