ЖАҢЫЛЫКТАР 05.12.18.

05-12-2018 08:37

Бүгүн, 5 – декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзам долбоору болсо 2 – окууга чыгарылат. Ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматын угуу улантылат.  

Кечээ Жогорку Кеӊеште «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» аталышында илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чарада Төрага Дастанбек Жумабеков кириш сөз сүйлөп, -“Манас” эпосунун идеологиялык маанисине токтолуп, "Манас” эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп саналган кыргыз элинин байыркылыгын белгиледи.

                            СНХ. Д.ЖУМАБЕКОВ

“Эгемендүүлүгүбүзгө 27 – 28 жыл деп айтканыбыз так эсеп болбой калат. “Манас” эпосу качан жаралса, ошондон бери эгемен элбиз”,- деген депутат К.Иманалиев санагын билдирип, “Манас” эпосунда мамлекеттүүлүктүн бардык белгилери бар экендигин атады.

                            СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров мыйзам маанисин түшүндүрдү. Анда белгиленгендей, жазыктык-укуктук мүнөздөгү чаралар колдонулган адамдардын түзөлүүсү жана кайра социалдашуусу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү аракеттери колго алынат.

                            СНХ.Т.ЖАПАРОВ

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жашы жете электерди кайра социалдаштыруу жана кайра интеграциялоо, алар тарабынан кайрадан укук бузууну болтурбоо максатында пробация органын ювеналдык юстицияга кошуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр сунушталууда. Талкууда депутат Тазабек Икрамов,  - “Тоок уурдады, - деп эле жаш балдардын тагдырына балта чабуудан алыс болсок. Анын ордуна аларга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келечегин ойлосок”, - дейт. 

                           СНХ.Т.ИКРАМОВ

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын так санын билгиси келген депутат Аида Исмаилова, - абактагылар менен иш алып барган адистердин жетишер – жетишпестигине кызыкты.

                           СНХ. А.ИСМАИЛОВА

Өкмөттүк эмес уюмдардын социалдык буюртмалар менен иштөөсүнө көңүл бурган мамлекеттер бар экендигин белгилеген, - депутат Евгения Строкова ошол эле учурда алардын таап чыккан көйгөйлөрүнө да кош көңүл кароого болбостугун билдирди. 

                           СНХ.Е.СТРОКОВА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 – декабрда жаан – чачын болбойт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл:+3...+8, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+6...+11 градус жылуу болот. Нарын:-4...+1 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – декабрда жаан – чачын болбойт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5...+7 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 27

Окшош жаңылыктар