ЖАҢЫЛЫКТАР 04.12.18.

04-12-2018 08:47

Бүгүн, 4 - декабрь "Манас" эпосунун күнү. Ушул датага жана айтылуу манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150, Жусуп Мамайдын 100 жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган "Манас - кыргыз рухунун туу чокусу" аталышындагы илимий - практикалык конференция өтөт. Иш чарага Төрага Д. Жумабеков баштаган депутаттар, окумуштуулар тобу менен манасчылар катышат.

Бүгүн, 4 – декабрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет кезектеги олтурумуна чогулуп, “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам  долбоорун үчүнчү окууда карайт. «Расмий статистика жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору да талкуу чордонуна коюмакчы.

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Мындай тыянак КСДП фракциясынын жыйынында чыгарылды. Эми 3 айдан кийин өкмөт ушул өңүттөгү концепция, стратегиялар боюнча аталган фракцияга маалымат бермекчи. Талкууда фракция лидери Иса Өмүркулов интернеттин өлкөдө колдонулуп баштаганынан тартып, анын терс таасирлерине толук кандуу талдоо жүргүзүлбөй келгендигин сынга алды.

                       СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Депутат Айнура Осмонова, “Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугун концепция түрүндө эмес, улуттук доктрина деңгээлинде болушу керек”, - деп эсептейт.

                       СНХ.А.ОСМОНОВА

Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча концепция, стратегия жана башка документтерди даярдоо кечигип жаткандыгын айткан депутат Аалы Карашев, - IT адистердин айлыгынын жогорулатуу зарылчылыгын да белгиледи.                                          

                       СНХ.А.КАРАШЕВ

Депутат Дастан Бекешев эгер кандайдыр интернет сайтты, баракчаны же аккаунтту жабуу боюнча соттун чечими чыкса, аны дароо жабууга техникалык мүмкүнчүлүк бар - жогун тактап, статистиканы сурады.

                      СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

“Эки жылдай болуп калса дагы “Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндөгү” мыйзам талаптары өз деңгээлинде аткарылбай келет”, - мындай сын пикирин депутат Марат Аманкулов билдирди.

                      СНХ.М.АМАНКУЛОВ

Интернет айдыңындагы адеп-ахлакка туура келбеген тасмалар менен сүрөттөр байма-бай жүктөлүп, алар айрыкча жаштардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, кеч боло электе тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган депутат Автандил Кулбараков болду.

                      СНХ.А.КУЛБАРАКОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 – декабрда күн ачык болгону менен, жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+2...+7, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+5...+10, Ысык – Көл:+4...+9 градус жылуу болот. Нарын:0...-5 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – декабрда жаан – чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +4...+6 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 39

Окшош жаңылыктар