"КР Билим берүү жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт

14-12-2018 08:49

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети парламент имаратынын Батыш залында (1-кабат) 2018-жылдын 14-декабрында саат 14.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.М.Нурбаев, К.К.Керезбеков, Н.В.Никитенко, М.И.Бакиров, А.С.Токторов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоого арналган (кир.№6-10430/1, 24.05.2018-ж.) парламенттик угуу өткөрөт.

Кошумча маалымат алуу, ошондой эле парламенттин угуусуна катыша тургандыгын тастыктоо үчүн байланыш телефон номурлары: 63-88-12 телефону (Ч.Бекишева), 63-92-32 (Ж.Собурова)

Программасы  

КР ЖК Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети

Көрүүлөрдүн саны : 6007

Окшош жаңылыктар