ЖАҢЫЛЫКТАР 03.12.18.

03-12-2018 08:06

Бүгүн, 3 – декабрдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт. “Туризм жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да талкууга чыгат. Ш. Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын коллективинин кайрылуусу да бул жолку тармактык комитеттин талдоосуна алынмакчы. “Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу багытында аткарылып жаткан иштер боюнча Өкмөттүн маалыматы угулмакчы.

Дарыгерлердин иш жүктөмүн кайра карап чыкпасак болбойт, - деген депутат Альфия Самигуллина, - “Ушул тапта ооруканаларда иштеген медициналык адистер советтер союзунун тушунда 1978 - жылы кабыл алынган шарттан аттап кете албай келе жаткандыгы ойлонууну талап кылат. Себеби, заман өзгөрдү. Талап жогорулады”, - дейт.

                     СНХ.А.САМИГУЛИНА

Критикалык чектен ашты, - деп коңгуроо кагылып жаткан Бишкек шаарында абанын булганышы олуттуу көйгөйгө айланды. Мындан улам дем алуу органдарынын илдетине кабылгандардын көрсөткүчү өсүүдө, - дейт депутат Пархат Тулендыбаев.

                     СНХ.П.ТҮЛЕНДЫБАЕВ

100 миңдеген Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу каттап жаткандыгына кайрылган депутат Кенжебек Бокоев, алар көбүн эсе соода-сатык иштерине басым жасап жаткандыгын белгиледи. Алардын максаты киреше табуу болгон соң, өлкө бюджетин толтуруу үчүн алардын патент менен иштөөсүн талап кылалы, - дейт.

                     СНХ.К.БОКОЕВ

Депутат Искендер Матраимов бюджетти кароо учурунда ыгы жок ысырапкорчулукка жол берген түзүмдөрдү кайра карап чыгуу талабын койду. Эл өкүлүнүн айтымында, 6 самолетко инспекторлук кылууга 46 адис тартылган. Ушул дагы калыстыкка жатабы? – дейт депутат.

                     СНХ.И.МАТРАИМОВ

Мыйзамдуу никеси бузулган үй – бүлөлөрдүн эсебин тактабаса, жөлөкпул алууга келгенде алардын статистикага эле эмес, каражатка да кедергиси тийип калган учурлар жолугат экен. Ушул дагы адилеттикпи? – деген суроону депутат Сайдулла Нышанов көтөрдү.

                      СНХ.С.НЫШАНОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-декабрда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Нарын: 0...5, Талас:1...6, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 5...10 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Бийик тоолуу райондордо -4...-9 градус суук болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы  2…4 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 33

Окшош жаңылыктар