Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Фракция лидери И.Өмүркулов: “Тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине чейин таасир этип жатат. Өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калды”

30-11-2018
12:48

КСДП фракциясы КР Өкмөтүнүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгүн жетишерлик эмес деп тапты.

Бүгүн, 30-ноябрда КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Күн тартибине коюлган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, КР Улуттук коосуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев баяндама жасашты.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө КР Маалыматтык коопсуздук концепциясы, Кибер коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыгып, мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүүдө. Бул маселелерге байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга дагы түзөтүүлөр киргизилмекчи.

Жыйын жүрүшүндө фракция депутаттары негизинен эл аралык белгилүү социалдык түйүндөрдүн өлкөгө болгон таасиринен коргонуу жаатында эмне чаралар көрүлүп жаткандыгына кызыгышты. Депутат Айнура Осмонова Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугу концепция деңгээлинде эмес, улуттук доктрина болушу керектигин баса белгиледи. Депутат Дастан Бекешев эгер кандайдыр интернет сайтты, баракчаны же аккаунтту жабуу боюнча соттун чечими чыкса, аны дароо жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугун тактады. Бирок, ошол сайт же аккаунт боюнча соттун чечими тиркелип, фейсбук же башка тиешелүү социалдык түйүндүн борборлоруна кат жөнөтүлүп, иш жөнгө салынаары белгилүү болду.

Депутат Автандил Кулбараков демократия деп жатып интернет айдыңына адеп-ахлакка туура келбеген фото жана видео материалдар байма-бай жүктөлүп, алар билинбеген менен жаштардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып, Өкмөт өкүлдөрүнө кеч болуп кете электе тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды. Депутат Марат Аманкулов “Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгына эки жыл чамалап баратса дагы ал өз деңгээлинде аткарылбай жаткандыгын сынга алды.

“Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча концепция, стратегия жана башка документтерди даярдоо кечигип жатат. Негизи мамлекет тарабынан маалымат коопсуздугуна программалык көзөмөл жок”,- дейт депутат Аалы Карашев. Эл өкүлү элдин идентификациялык маалыматтарын сактоо, маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында иш алпарган ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу зарылдыгын чечмелеп берди.

Фракция лидери Иса Өмүркулов өлкөгө интернет келгенден тартып, анын терс таасирлерине каршы аракет көрүлбөй келе жаткандыгын айтып, тышкы социалдык түйүндөрдүн таасири боюнча эмне чара көрүлөт деген конкреттүү маселе койду. “Бүгүнкү күндө тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине чейин таасир этип жатат. Өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калды. Буга өтө олуттуу мамиле кылуу керек. Окумуштууларыбызды илимий жактан көмөктөшүүгө тартуу, тиешелүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, теле-радио аркылуу каршы аракеттерди көрүү, заманбап жабдууларды сатып алуу, өнөктөш өлкөлөр менен бул жаатта кызматташуу сыяктуу комплекстүү чаралар көрүлүшү кажет”,- дейт фракция лидери.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгү жетишерлик эмес деп бааланып, фракция жыйынында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен 3 айдан кийин жогоруда аталган концепция, стратегиялар боюнча маалымат берүү чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы