ЖАҢЫЛЫКТАР 30.11.18.

30-11-2018 08:33

Бүгүн, 30 – ноябрдагы олтурумунда КСДП фракциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ишмердүүлүгүн карайт. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баштаган  министрлер кабинетинин бир топ өкүлдөрү чакырылды.

“Республика – Ата - Журт” фракциясы болсо  Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграциясынын учурдагы абалына көңүл бурмакчы. Бул багыттагы суроолорго Кыргыз Республикасынын  Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришет.

Өкмөт импортту азайтуу үчүн тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгып, инвесторлорду кызыктыруучу аракеттерди көрүшү керек, - дейт депутат  Махабат Мавлянова  парламенттин кечээки жыйынында. “Болбосо, экспорттон импорттун 3 эсеге көбөйүп жаткандыгы тынч карап олтуруп алчу маселе эмес”, - деп кошумчалады эл өкүлү.

                       СНХ.М.МАВЛЯНОВА  

Депутат Исхак Пирматов тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда «каттоолук эсепке алуу» деген аныктама мыйзам түрүндө бекемделүүдө.

                        СНХ.И.ПИРМАТОВ

Алдыдагы 2019-жылды "Балдар жылы" деп жарыялоону сунуштаган депутат Айсулуу Мамашова,  -  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арылгыс арманы айтпаса да түшүнүктүүлүгүнө токтолуп, мигранттардын балдарына да жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгына кейиди.

                       СНХ.А.МАМАШЕВА

Депутат Руслан Чойбеков балдардын саламаттыгын коргоо жагдайына токтолуп, бул багытта иш алып барган ооруканасынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады.  Антпегенде, тумоолоп калган балдарды эгер эс алуу күнүнө туш келсе, дарыгерлерге көрсөтүүнүн өзү оңойго турбай калгандыгынан коңгуроо какты.

                      СНХ.Р.ЧОЙБЕКОВ

Уюлдук телефондорду колдонуу менен жаш балдарды бутка чалынуудан алаксытабыз, - деген менен алардын ден соолугун канчалык деңгээлде ойлодук? Ал эми мектеп окуучуларын смартфон, айфон колдонуудан арылта алдыкпы? Бул суроолор азыркы ата – энелердин баш оорусуна айланды, - дейт депутат Таалайбек Масабиров.

                      СНХ.Т.МАСАБИРОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 – ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун тоолуу райондорунда да ушундай эле абал сакталат. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Баткен: 9…14, Талас: 7…12; Ош, Жалал-Абад: 8…13; Ысык-Көл:2…7; Нарын: 0…5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30-ноябрда жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 11…13 градус жылуу болот

Көрүүлөрдүн саны : 32

Окшош жаңылыктар