Ички жер которуучулардын турган жерлери 45 күндөн ашса так эсепке алынышы керек

29-11-2018 16:44

Учурда колдонулуп жаткан «Ички жер которуу жөнүндөгү» мыйзамына «каттоолук эсепке алуу» деген аныктама кошумчаланууда. Бул демилге депутат Исхак Пирматовго таандык.  Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүрүп, эл өкүлү бүгүн, 29 – ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Парламентарийдин айтымында, жарандардын  факт жүзүндө жашап турган жери эми тиешелүү органдар тарабынан каттоого алынат. Бул үчүн кызыкдар болгон жаран өзү эле электронлук түрдө маалымат базасына билдирүү калтырып, үй ээсинин уруксааты менен каттоодон өтүп койсо болот. Бул үчүн бир жерде жашаганына 45 күндөн кем болбогон убакыт эске алынат. Бул алардын социалдык кызматтарды пайдалануусуна жеңилдик берет, - дейт демилгечи депутат.

Ички жер которуу процессине кабылгандардын так эсеби белгисиз болуп калууда. Мисалы, улуттук статистика комитетинин билдирүүлөрүнө кайрылсак, 2018 – жылдын 1 – январына карата туруктуу жашаган калктын саны Бишкек шаарында 1 002 146 кишини түзгөн. Ал эми ушул эле эсепти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти   «Даректик-маалымдамалык бюро» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизгенден кийин 2015 – 2018-жылдары Бишкек шаарында катталган жарандардын саны 419 590 деп маалымдаган. Айырмачылык бир топ сезилээрлик. Ошондуктан, так эсепти билүү аркылуу инфраструктураны да пландоого жакшы мүмкүнчүлүк жаралмак, - дейт И.Пирматов.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 271

Окшош жаңылыктар