ЖАҢЫЛЫКТАР 29.11.18.

29-11-2018 08:34

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29 – ноябрдагы жыйыны адаттагыдай эле Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы талкууланып, “2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү кеңири талданмакчы. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да олуттуу суроолор менен коштолмокчу.

Ушунчалык ири каражат сырттан тартылып келип жаткандыктан, натыйжалуу иштер аткарылууга тийиш. Бардык видеокөзөмөлдөө иштерин бир гана жол коопсуздугун камсыздаган тармак эле эмес, бүтүндөй ички иштер органдары толук өз жоопкерчилигине алышы керек, - деген депутат Зарылбек Рысалиев, - видеокөзөмөлдөөчү жабдыктар орнотулуучу электр мамылардын кубаттуулугу да эске алынып, алардын климаттын ар кыл шартына чыдамдуулугу да эсептелип чыгышы зарыл, - дейт.

                   СНХ.З.РЫСАЛИЕВ

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кыргыз циркиндеги абалды карап, андагы орун алган оркойгон орунсуз иштердин учугун чубап чыкты. Анткени, аталган жамаат депутат А.Касымалиевага атайын кайрылуу жолдоп, арганы түгөткөн арманын айтышкан.  

                  СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Садык Шер – Нияз Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуулар бар – жогун тактады. 2010 – жылдан бери бир жыйынтыкка келе албай жаткан иликтөө иштеринин создуктурулушунда бир мандем бар го? – деген күмөн саноосун да жашырбады.

                 СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

Маданият мекемелеринин арасында кыргыз цирки республикалык бюджетке ири кирешелерди алып келе алды. Ал 3 млн. ашык каражатты түзөт, - дейт цирктин директору Курмангазы Исанаев. Ошондой эле ал айтылып жаткан аргументер аныкталса, жоопкерчилик тартуудан качпастыгын билдирди.

                СНХ.К.ИСАНАЕВ

           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29 – ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман түшкөнү эле болбосо, жаан – чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3 – 8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+8...+13, Талас:+7...+12, Ысык – Көл:+3...+8, Нарын:0...+5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29 – ноябрда жаан – чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3 – 8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +11...+13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 34

Окшош жаңылыктар