Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 19.09.16.

19-09-2016
07:48

КСДП фракциясында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору жактырылып, Өкмөткө бюджет тартыштыгын жана бюджеттен түшүп калуулардын ордун жаба турган каржы булактарын караштыруу тапшырмасы берилди. Каржы министри Адылбек Касымалиев 2017-жылы бюджет үчүн быйылкыдан да оор, бюджеттик түшүүлөрдүн төмөн болору күтүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, мунун бир топ жүйөлүү себептери бар.Ал эми депутаттар министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин чыгымдары чоӊ экенин, бюджеттик каражаттар уурдалып жатканын айтышты. Депутат Айнуру Алтыбаева 2017-жылы салыктан түшүүчү киреше 2,2 пайызга же 2,5 млрд сомго кемий турганын эске салып, өкмөт өкүлдөрүн анын ордун толтура турган каражат булактарын азыртан издей баштоого чакырды. Ал эми депутат Узарбек Жылкыбаев жеке менчик пансионаттардын бюджеттик төлөмдөрүнө иликтөө жүргүзүп, алардын салык өлчөмүн көбөйтүү талабын койду.

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талдаган “Республика-Ата-журт” фракциясынын жыйынында депутат Курманкул Зулушев,- “Эң алды менен ушул кадамдын мыйзамдуу жол менен бара жатканын тактап алышыбыз керек. Бул үчүн Конституциялык палатага кайрылып, алардын чечимин алууга тийишпиз. Качан гана мыйзамдуу жол менен кординалдуу өзгөртүүгө барсак анда элдин алдында дагы жүзүбүз жарык болот”,- дейт. Ошондой эле ал мамлекеттик тилдин баш мыйзамдагы орду да так көрсөтүлүш керек деген пикирде.

                                  СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

“Ата Мекен" парламенттик фракциясынын жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан "Дастан" ААКнын көмөкчү чарбасына тиешелүү жер аянтынын менчиктелүү таржымалы жөнүндө учкай маалымат берди. Андан соң, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев "Манас Менеджмент Компани" ЖАКтын борттогу тамак-ашты даярдоо боюнча цехин "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына алуусу боюнча баяндама жасады. Депутаттар бул жаатта түшүнүксүз жагдайлар бар экенин белгилегендиктен, "Ата Мекен" фракциясы жакынкы аралыкта "Манас" эл аралык аэропортунун" иши менен таанышып чыгуу чечимине келди.

Депутат Зиядин Жамалдинов чет өлкөдө куру доомат менен соттолуп кетип жаткан кыргыз жараны боюнча бир мисалга токтолуп, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында Миграция кызматынын макамын көтөрүү керектигин билдирди.

                                  СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Депутат Кубанычбек Нурматов чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгүн (Жүк-200) алып келүүнү авиакомпанияларга милдеттендирүү маселесин койду.

                                   СНХ.К.НУРМАТОВ

Депутат Сайдулла Нышанов өлкөдө орун алып жаткан автокырсык кесепеттерин Жогорку Кеңештин тармактык комитети иликтөөгө алышы керек,- деп эсептейт. Канчалаган адамдардын өмүрүн алган жол кырсыктары кескин чара көрүүнү талап кылат. Буга сатылып жаткан айдоочулардын күбөлүгүнүн да терс таасири тийип жатат,- деген  эл өкүлү “Парламент” радиосуна маек курду.  Анда жол кырсыгына себепкер болгон айдоочулар айып пул төлөп эле кайра айдоочулук күбөлүктөрүн алып албастан, алар кандайдыр бир 10 күндүк болобу, атайын курстардан өткөндөн кийин гана ошол күбөлүгүн кайра кайтарып алгандай болсо, абал жакшырмак,- деп сунуштайт депутат.

                                 СНХ.С.НЫШАНОВ

Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын башкы врачы Талантбек Өмүрбеков болсо жаш балдардын жол кырсыгына учурашы боюнча статистикалык маалыматтар менен тааныштырды. Башкы дарыгердин айтымында, 2015-жылы жол кырсыгынан жабыркап, аталган ооруканага кайрылган балдардын саны 851ди түзгөн. Ал эми 2014-жылы 747 бала медициналык жардам сурашкан. “Каза болуп калгандарынын саны 2015-жылы 3,9% болгон. 2014-жылы болсо ал көрсөткүч 6,1% болчу. Бул Бишкек шаарынын көрсөткүчү”,- дейт дарыгер.

                                 СНХ.Т.ӨМҮРБЕКОВ

                              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-сентябрда өлкөнүн кээ бир тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: +26...+31, Баткен: +27...32, Ош, Жалал-Абад: 29...+34 градус ысык болот. Талас: +24...+29,Ысык-Көл:+19...+24, Нарын:+21...+26, бийик тоолуу райондордо +6..+11 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +28…+30 градуска чейин жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...