"Коопсуз шаар" долбоорун бир гана жол эрежелерин сактоого арналган, - деп түшүнбөө керек

28-11-2018 15:44

“Коопсуз шаар” долбоору кезегинде Ө.Бабанов Өкмөт башчысы болуп турганда эле кабыл алынган болчу. Анын алкагында бир гана жол эрежелеринин сакталышы эле эмес, адам баласынын бүтүндөй коопсуздугун камсыздоо аракеттери ишке ашмак", - деген пикирин билдирген депутат З.Рысалиев бүгүн, 28 – ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. 

Эл өкүлү белгилегендей, 33 млн. 180 миң долларга баалаган долбоорго аткарылчу иштердин чөйрөсү өтө тарып кеткен. Ошондуктан, тармактык комитет бул багытта аткарылып жаткан иштерди “канаттандыраарлык эмес” , - деп тапкан, - дейт эл өкүлү.

Ушунчалык ири каражат сырттан тартылып келип жаткандыктан, натыйжалуу иштер аткарылууга тийиш. Бардык видеокөзөмөлдөө иштерин бир гана жол коопсуздугун камсыздаган тармак эле эмес, бүтүндөй ички иштер органдары толук өз жоопкерчилигине алышы керек, - деген депутат, - видеокөзөмөлдөөчү жабдыктар орнотулуучу электр мамылардын кубаттуулугу да эске алынып, алардын климаттын ар кыл шартына чыдамдуулугу да эсептелип чыгышы зарыл, - дейт.  Ошондуктан, "Коопсуз шаар" долбоорун бир гана жол эрежелерин сактоого арналган, - деп түшүнбөө керек, - деп кошумчалады парламентарий.

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 200

Окшош жаңылыктар