ЖАҢЫЛЫКТАР 28.11.18.

28-11-2018 08:41

Кечээ, 27-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков расмий иш сапардын алкагында Кремлдин жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл чамбар коюп, Жогорку Кеңештин атынан Улуу Ата-Мекендик согушта кайтпай калган аскерлердин элесине таазим кылды. Иш сапардын жүрүшүндө Төрага Дастанбек Жумабеков бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрмөкчү.  Делегациянын курамында депутаттар Наталья Никитенко, Зиядин Жамалдинов, Мухтарбек Айнакулов, Талант Мамытов, Данияр Төлөнов жана Бактыбек Турусбеков бар.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 28 – ноябрдагы жыйынында  “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзам өзгөртүүлөрүнүн макулдашылган варианты да талкууланат. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулат. “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландары тууралуу өкмөттүк саат дагы өтөт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карап, анын концепциясын жактырды. Депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев демилгелеп жаткан мыйзам долбоорундагы 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө норманы алып салуу сунушталууда. Андан тышкары экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат, - деп айтылат. Мыйзамдын 12 - жана 18 -беренелери күчүн жоготот.

                        СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2029 – жылга чейин “Ден соолук” програмасы иштелип чыкты. Анын биринчи 5 жылдыгында аткарылуучу иштердин ирети аныкталып, гранттык каражаттар тартылды. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                        СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга каралган сүйүнчү пулду алуунун тартиби 6 айлык мөөнөт менен аныкталган. Эгер ушул аралыкта арыз менен кайрылбай жүрүп алгандар болсо, аталган социалдык колдоону ала албай калышат. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров түшүндүрдү.

                        СНХ.У.КОЧКОРОВ

Депутат Тазабек Икрамов сүйүнчү пул алуунун жол – жобосун түшүндүргөн маалыматтар социалдык роликтер аркылуу элге кеңири тааныштырылса деген пикирин билдирип, тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнө кайрылды.

                       СНХ.Т.ИКРАМОВ

Депутат Алмазбек Токторов сүйүнчү пул алган 84 миңден ашык наристелердин көрсөткүчү 1 – ноябрга карата алынгандыгын тактап, картина мындай болбошу керек эле, - дейт.

                      СНХ.А.ТОКТОРОВ

Италияда судьялар тандалып алынгандан кийин 2 жылдап окутулуп, белгилүү бир сынактан өткөндөн кийин гана кайсы бир ишти кароого уруксат ала алышат. Алардын кабыл алган чечимдерине көзөмөл кылуучу институт да түзүлгөн. Ушундай тажрыйбаларды колдонуп, коррупцияга каршы күрөшүүчү өзүнчө көз карандысыз орган түзүү зарыл. Мындай пикирин билдерген тармактык комитеттин төрайымы Н.Никитенко, - эл аралык сот системасындагы коррупция менен күрөшүүнүн тажрыйбаларына кызыкты.

Бишкек шаарынын үстүндөгү кара түтүн темасы түгөнгүс көйгөйгө айланып, коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда. Бул жагдайга кайрылган депутат Марлен Маматалиев,  - абалды жеңилдетүү үчүн Бишкектеги коомдук автобустарды газга өткөрүүнү сунуштады.

                     СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28 – ноябрда Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат. Чүй, Талас, Ысык – Көл, Нарын областтарында күн ачык болот. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Абанын температурасы Чүй:+4...+9, Талас, Ысык - Көл: +2...+7, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+3...+8 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 28 – ноябрда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6...+8 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 30

Окшош жаңылыктар