ЖАҢЫЛЫКТАР 26.11.18.

26-11-2018 09:00

Бүгүн, 26 – ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчет да экинчи окууга чыгат. “Расмий статистика жөнүндө” да сунушталып жаткан мыйзам долбоору талкууга коюлмакчы.

Орто ишкерлердин иш жүргүзүүсүнө “Кыргыз-орус” фондусуна кызмат кылгандай мамиле жасалса деп Өкмөттөн өтүнгөн депутат Бакыт Төрөбаев, - “Кумтөрдөн” түшкөн каражаттын негизинде да Региондорду өнүктүрүү фондун түзүүгө болорун белгиледи.

                          СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ  

Бишкектеги балдардын жападан жалгыз инфекциялык ооруканасындагы орундардын жетишпегендигинен улам балдар кире бериште жатышат. Мындай абалга кайрылган депутат Тазабек Икрамов, - балдар үчүн дагы бир инфекциялык оорукана курууну Өкмөткө жолдоду.

                          СНХ.Т.ИКРАМОВ

Элдин саламаттыгы үчүн таза аба, таза суу, таза тамак-аш өтө маанилүү экенин билдирген депутат Айнуру Алтыбаева бул темада “Өкмөттүк саат” өткөрүүнү сунуштады.

                          СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Дастан Бекешев болсо экология маселесине көңүл буруп бул багытта Өкмөттүн атайын программа даярдашы зарыл, - дейт. Керектүү жабдууларды сатып алабыз деген курулай убадалар да унутта калып жаткандыгын сынга алды.

                          СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Сырттан эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча сунуштар келип жаткандыгын айткан депутат Таалайбек Масабиров, -  биздеги спорт сарай эл аралык стандарттарга жооп бербестигине кейиди. Өкмөт бул көрүнүшкө көз жуумп олтура бербеши керектигин эскертти.

                          СНХ.Т.МАСАБИРОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 26-ноябрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: 4...9,Талас, Ысык – Көл:2...7, Ош, Баткен,Жалал-Абад: 5...10 градус жылуу болот. Нарын: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 26 - ноябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы  6…8 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 35

Окшош жаңылыктар