Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.09.16.

16-09-2016
08:04

Бүгүн, 16- сентябрда КСДП фракциясы «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карайт. “Республика-Ата журт” фракциясы болсо  «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкууга алып чыгат.

Кечээ парламентте  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасын шайлоо жөнүндө маселе каралып, депутаттардын 72 добушу менен тармактык комитеттин төрайымдыгына КСДП парламенттик фракциясынан  депутат Кодуранова Асел Союзбековна шайланды. Ал эми анын атаандашы – «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын өкүлү Тынчтык Шайназаров 46 добушка ээ болду. Жогорку Кеӊештин бир катар депутаттары Асел Кодуранованы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымдыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал эми Асел Кодуранова чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирди. Депутат Асел Кодуранованын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымдыгына шайланганы тууралуу токтом да кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун 1-окууда кабыл алды. Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов мыйзам долбоору юридикалык жактарды жоюунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана ар кандай деңгээлдеги юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталгандыгын билдирди. Юридикалык жак өзүнүн жоюлушу жөнүндөгү чечим менен ликвидациялык комиссиянын чечимин бериш керек болсо, бүгүнкү күндө мындай 2 чечимдин зарылчылыгы жок. Мындай жагдай жоюу процессинин татаалдашына жана иштин ашыкча создугуусуна алып келет. Ошого байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизилүүдө. Андан сырткары, юридикалык жактарды каттоону электрондук форматка өткөрүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы да белгилүү болду.

Соттордун дагы жоопкерчиликтерин күчөтүү демилгеси көтөрүлүүдө,- деген депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, кылмыш жасаган тараптардын жоокерчилигин кароодо эскирүү мөөнөтүн алып салса туура болмок.  Бул айрыкча, экономикалык кылмыштарды жана оор кылмыштарды жасагандарга тиешелүү,- дейт парламентарий.

                             СНХ.К.РЫСПАЕВ

Депутат Аида Салянова,- “Азыркы Конституцияда акыркы чечим – Жогорку сот чыгарган чечим болуп саналгандыктан, ал даттанууга жатпайт. Ал эми азыркы сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө ошол норманы алып салуу жагы айтылууда. Анын ордуна президиумдун түзүлүшүнө жол ачылып жатат. Мындай болсо адилеттик издеп соттошуп жаткан тараптар 10-15 жылдаппы, же өмүр бою соттошуп жүрө бериш керекпи?!”- дейт.

                              СНХ.А.САЛЯНОВА

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Сол-Жээк-Талды-Булак алтын кенин иштеткен «Алтынкен» компаниясы кен ылгоо фабрикасы курулуп бүткөнүнө карабастан, алтын кошулмаларын Кытайга чыгарып кетүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, буга чейин 2 миӊ тонна кошулма ташылган. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                            СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

2015-жылы кыш мезгилине карата Токтогул суу сактагычында суу көлөмү аз топтолгондуктан, электр энергиясынын тарифи өзгөртүлгөн. Мисалы, 700 кВт/саатка 77 тыйындан, андан ашкан кубаттуулукка жогорулатылган баа коюлган. Быйыл Токтогул суу сактагычында жетиштүү суу болду, электр энергиясынын тарифин кайра мурдагы калыбына келтирүү зарыл. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                            СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Жайкы туриистик мезгил өттү. Эми, келерки мезгилге азыртан даярдык көрө баштоо зарыл. Аны туризм тармагында иш алып барган ишкерлерге жеӊилдетилген насыяларды берүүдөн баштаган дурус. Бул тууралуу депутат Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында билдирди.

                             СНХ.У.ЖЫЛКЫБАЕВ

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +25...+30 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад,Баткен:+27...+32 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл:+19...+24, Нарын:+21...+26, ал эми бийик тоолуу райондордо +6...+11 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +28…+30 градуска чейин жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...