Төрага Д.Жумабеков Нарын облусундагы жеке менчик имаратты мамлекеттин карамагына кайтаруу иш-чарасына катышты

06-11-2018 16:55

Бүгүн, 6-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Ак-Талаа районуна караштуу Кайыӊды-Булак айылындагы имаратты мектеп катары пайдаланууга мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү иш-чарасына катышты.

Белгилей кетсек, совет маалында аталган үч кабаттуу имарат мамлекетке таандык болсо, кийинчерээк жеке менчикке берилген. Ага ылайык, азыркыга чейин имаратка ээлик кылып келген Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев эми кайрадан аны мамлекеттин карамагына өткөрүүнү чечкен.

Иш-чарага катышкан Төрага Дастанбек Жумабеков акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканына токтолуп: "Облустарда бир катар жолдор, ооруканалар, мектептер, маданият үйлөрү курулууда. Келечекте дагы көптөгөн жаӊылануулар болот. Бардык ишке ашкан долбоорлор өлкөнүн өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Быйыл кыргызстандыктар улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун да 90 жылдыгын белгилеп жатабыз. Буга утурлай, ушул жылы Баетов айылынын да 90 жылдык маарекеси өтүүдө. Андыктан, маанилүү маарекелер менен коштолгон жылыбыз ийгиликтүү жыйынтыкталат деген үмүттөмүн", - деп кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев аймактарды өнүктүрүү жылында көптөгөн кыргызстандыктар мамлекетке жардам берүүгө аракет кылып жаткан белгилеп: "Ар бир жаран өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кызыкдар. Айрыкча, мени бүгүн элге берилип жаткан имарат, мектеп катары пайдаланылары кубандырууда. Себеби, билим берүү тармагына өзгөчө көӊүл буруу менен жаш өспүрүмдөрдүн келечегине кам көрүшүбүз кажет. Буйруса, ушул мектептен мыкты окумуштуулар, ишкерлер жана саясатчылар чыгат деген ишеничтемин", - деди.    

Эске салсак, мамлекетке биротоло кайтарылган имарат келечекте мектеп катары ачылып, жаӊы окуу жылында пайдаланууга берилет.    

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабековдун Нарын облусундагы иш-сапарын Жогорку Кеӊештин депутаттары Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Жунус уулу, Алмазбек Баатырбеков, Жыргалбек Турускулов, Автандил Кулбараков жана Абдыбек Дюшалиев коштоп жүрөт.         

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1556

Окшош жаңылыктар