ЖАҢЫЛЫКТАР 06.11.18.

06-11-2018 08:30

Кечээ, 5-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков чет өлкөдөгө иштеген мекендештер менен жолугушту. Диалог жүрүшүндө Төрага Дастанбек Жумабеков эмгек мигранттары Кыргызстандын өнүгүшүнө, айрыкча өлкө экономикасын көтөрүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи. Өз кезегинде “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов эмгек мигранттарынын өкүлдөрүн кабыл алып, алардын ой-пикирлерин укканы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясында иштеген эмгек мигранттарына көрсөткөн колдоосу жана алардын кызыкчылыгын коргоодогу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн Толкунбай Акматов менен Акбар Маразыковго ыраазычылык кат тапшырды.  

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет бүгүн, 6 – ноябрда  «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Депутат Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору болсо экинчи окууда талкууланат. «Ломбарддардын иши жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган вариантына да көңүл бурулмакчы.

“Республиканын айрым жерлеринде союздун тушунда курулушу башталып, арабөк калган мектептер бар. Мисалы, андай көрүнүштөрдүн бири Панфилов районуна туура келет. Андагы 1990 – жылдары салына баштаган мектеп бүгүн да бүтпөй турат. Шамалдуу – Сай шаарчасында дагы 1988 – жылдан бери токтоп турган мектеп бар. Ошондуктан, мындай курулушу узакка созулган билим берүү мекемелерин тезинен бүткөрүп, жаңыларын салууга азырынча мораторий киргизүү сунушталган”, - дейт ЖК депутаты Алмазбек Эргешов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                               СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Ушундай эле курулушу аягына чыкпаган мектептердин көйгөйүн улаган депутат Аида Касымалиева да Ош областынын Өзгөн районундагы бир катар мектептерди атап, бала бакчага муктаж болгон айылдарды да санап берди.

                               СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Айнуру Алтыбаева да бала бакчаларга балдарды кабыл алуу шарттарынын калыстык менен чечилип жаткандыгын жакшы көрүнүш катары сыпаттап, электрондук жазылуу ыкмасын жер-жерлерде дагы жайылтуу жакшы жыйынтыгын бермек, - дейт.

                                СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Бишкек-Торугарт жолунан үнөмдөлгөн каражатка Нарын районунун айылдарынын ички жолдору курулат деген маселе дагы чечилбей келатканын депутат  Алмасбек Акматов айтып чыкты.

                               СНХ.А.АКМАТОВ

Депутат Улукбек Ормонов Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев, 54 дарегиндеги үйгө жылуулук тиешелүү өлчөмдө берилбей жаткандыгына шаар жетекчилигин көңүл бурууга чакырды.

                               СНХ.У.ОРМОНОВ

Нарын шаарында тендер кеч өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аймактын бир катар тургундары жылуулуксуз отурушат. Бул эмне деген көрүнүш? – дейт депутат Камчыбек Жолдошбаев.

                             СНХ.К.ЖОЛДОШБАЕВ

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 8...13, Талас: 6...11, Баткен, Ош, Жалал-Абад: 9...14, Ысык-Көл, Нарын: 4...9 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6 – ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 11..13 градус жылуу болот.

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 33

Окшош жаңылыктар