Жогорку Кеӊеште 2019-жылдагы республикалык бюджетинин долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө

05-11-2018 15:53

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеӊеште «“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, адистер менен эксперттер катышып жатат.

КР Экономика министри Олег Панкратов 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдаргаболжол тууралуу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча баяндама жасады.

Ал эми КР Каржы министри Адылбек Касымалиев негизги каржылык көрсөткүчтөр боюнча жалпы маалымат берди. Каржы министри келерки жылдын бюджетиндеги жаңы өзгөрүүлөр боюнча Программалык бюджет, аны активдештирүүгө көмөктөшүүчү шарттар, мамлекеттик кызматтарда кызматкерлерди мотивациялоо менен штаттык бирдиктерди оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берүү маселелерин атады. Мындан сырткары, 2019-жылы киреше салыгынын 50-70%ын жергиликтүү бюджетке калтыруу, сатуудан алынган салыкты экспортко кетип жаткан товарлардан алып салуу дагы киргизиле тургандыгы айтылды. Адылбек Касымалиевдин айтымында, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2019-жылга жалпы көлөмү 170 млрд 151 млн сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмдүн 28,1 пайызы деңгээлинде болжолдонууда. “2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд 454 млн сом өлчөмүндө же ички дүӊ өнүмдүн 25 пайызына каралат. 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу кирешелердин көлөмдөрү 10 млрд 572 млн сомго көбөйөт. Ал эми 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 157 млрд 43 млн сомду жана 161 млрд 890 млн сомду түзөт”, - деди ал. Ошондой эле, 2019-жылы республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 161 млрд 710 млн сом деңгээлинде белгиленгени, республикалык бюджеттин таӊсыктыгы 10 млрд 256 млн сомду же ички дүӊ өнүмдүн 1,7 пайызын түзө турганы белгилүү болду. Каржы тартыштыгын жабууга 10 млрд 256 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча – 2 млрд 198 млн сом, тышкы булактар боюнча – 12 млрд 454 млн сом сальдо.

Парламенттик угуу улантылууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1610

Окшош жаңылыктар