ЖАҢЫЛЫКТАР 05.11.18.

05-11-2018 08:57

Бүгүн, 5 – ноябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы медициналык орто окуу жайын жабуу тууралуу маселени карайт. Бул багытта депутат Д. Бекешев баяндама жасамакчы. “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөр талкууланып,  аталган кеңештин бош кызмат ордуна сынак жарыялоо тартиби талданат.

Ушул эле 5 – ноябрь күнү Бюджет жана финансы боюнча комитет Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Долбоору менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын көмөгү менен парламенттик угуу өткөрөт. Анда “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору талкууланат.

Депутат Алмазбек Эргешов Жалал – Абад областынын Аксы районундагы Жылдым айылындагы М.Барпиев атындагы мектепте бир дагы гүл өспөгөндүгүн айтып, буга андагы курулуш матералдарынын курамынан бөлүнүп чыккан уулу заттар себеп болуп олтургандыгын мисалга келтирди. Мындай мектепте окуган балдардын саламаттыгына да олуттуу доо кетип жаткандыгына ким жооп берет? – деген ойлондуруучу чоң суроо тургандыгын кошумчалады эл өкүлү.

                               СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Нарын областынын Кочкор районуна караштуу Туз айылында дагы арзан жана тез салынуучу материалдардан тургузулган мектептин ишке берилгени да кыйла көйгөйдү жаратып жаткандыгын Мамлекеттик курулуш агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыров билдирди.

                               СНХ.А.АБДЫКАДЫРОВ

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да жогорудагы Кочкор районундагы Туз айылындагы мектепти курууга убагында Түштүк Кореядан келген фонд колдоо көрсөткөндүгүн билдирди. Ошондйо эле ал кандай гана фонд, инвесторлор келбесин иштин арзандыгына карабастан, сапаттуулугуна баа берүү зарылдыгын кошумчалады.

                              СНХ.Н.ЖУСУПБЕКОВА

Өкмөткө кайрылган депутат Карамат Орозова Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндөгү жаш үй-бүлөлөргө өзүнчө жер тилкеси бөлүнбөй жаткандыгын кабарлады. Жер-жерлерде үй салууга жер тилкесин ыкчамдатып трансформациялоону талап кылган эл өкүлү буларга токтолду.

                             СНХ.К.ОРОЗОВА

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 6…11, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад: 5…10, Ысык-Көл: 4…9, Нарын: 3…8 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -2…-3 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5-ноябрда жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 8…10 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 27

Окшош жаңылыктар