ЖАҢЫЛЫКТАР 02.11.18

02-11-2018 08:24

5 – ноябрь күнү Бюджет жана финансы боюнча комитет Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Долбоору менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын көмөгү аркылуу  “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорлорун талкуулаган парламенттик угуу өткөрөт.

“КР Улуттук банкы” жөнүндөгү мыйзамдын 71-беренесине ылайык, Улуттук банктын башкармалыгы өз кызматкерлерине ссуда бере алат. Бирок, аны эсептен чыгара албайт. Ошентсе да, орунсуз иштердин оркоюп чыга баштаганы мыйзамсыз иш-аракеттердин арааны жүрүп жаткандыгын кабарлайт. Буга жол берилбеши керек, - деп сынга алган депутат Гүлшат Асылбаева болду.   

                       СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Жол кырсыктарынын саны кыскарбай жаткандыгы аз келгенсип, авиакаттамга чыкканда деле кудай – кудайлап сапарга аттанып калган учурлар жолугат. Анткени, Кыргызстандын авиация тармагынын абалы деле жыргап кеткен жок. Бул маселеге кайрылган депутат Айтмамат Назаров, - “Айрым аэропорттордун иши үзгүлтүккө учураганы турат”, - деп тынчсызданды.

                      СНХ.А.НАЗАРОВ

Жергиликтүү шарттагы минималдуу эмгек акынын көлөмү 17 доллардан ашып – ашпай тургандыгы ойлондуруучу маселе. Бул жагдайга кайрылган депутат Экмат Байпакбаев Казакстан, Армения, Белорусь өлкөлөрүндөгү көрүнүштөр менен салыштырып, бул багытта түздөн - түз иш алып баруучу кесиптик кошуундар коңулга кирип албашы керек, - дейт.  

                      СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Депутат Дастан Бекешев, - мындан 5 жыл мурун эле үй курган компанияларга үлүштөрүн кошуп алданып калган жарандардын маселесине кайрылгандыгын эске салып,  бирок маселенин дале чечилбей жаткандыгын кайдыгерлик деп атады. Болбосо, үлүшчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Өкмөт мыйзам долбоорун демилгелеши керек эле, - дейт эл өкүлү.  

                     СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2 – ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1 -6 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -2...+3, Ысык-Көл, Нарын: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Баткен, Жалал-Абад, Ош: 2...7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2 - ноябрда мезгил – мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4 -9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1...+3 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 47

Окшош жаңылыктар