ЖАҢЫЛЫКТАР 31.10.18

31-10-2018 08:40

Бүгүн, 31 – октябрда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда талкуулайт. “Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да   талкуу объектисине алынат. “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да негизги маселелердин бири.

2016-2017 - жылдардагы өлкөнүн дүң өнүмү накталай акча массасынын кыймылына жүргүзүлгөн талдоолор аркылуу аныкталды. Накталай акчанын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 2016-жылы 23,8 пайызга , ал эми 2017- жылы 17,2 пайызга жогорулаган. Бул мезгилде көмүскө экономиканын өскөндүгү белгилүү болду. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улугбек Марипов Жогорку Кеңештин финансы жана бюджет комитетинин отурумунда  билдирди.

                                СНХ.У.МАРИПОВ

Жаңы түшкөн айылдарга  Энергохолдинг электр энергиясын жеткирип берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде маалымдады.

                               СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Кыргызстандагы көмүскө экономиканын  көрсөткүчү орто эсеп менен 40-50 пайызды көрсөттү. Товарлар идентификациялоо каражаттары менен маркалана турган болсо, бюджетке кошумча 1 млрд сом көлөмүндө акча каражат түшөт. ЕАЭБ алкагында товарларды маркалоо чарасы көмүскө товар жүгүртүүгө мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

                              СНХ. Э. АЛИШЕРОВ

Кыргызстанда жаныбарарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга мораторий жарыяланат. Ача туяктуу жаныбарларды атып салуу менен жаныбарлардын популяциясы кыскарууда.  Бул тууралуу “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулагнан парламенттик угууда депутат Эмиль Токтошев билдирди.

                             СНХ-Э.ТОКТОШЕВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 10...15, Баткен, Жалал-Абад, Ош: 12...17, Ысык-Көл: 7...12, Нарын: 6...11 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -4...+1 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 31 – октябрда жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 13...15 градуска чейин жогорулайт.

Көрүүлөрдүн саны : 45

Окшош жаңылыктар